Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады
![Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады](https://gdb.rferl.org/C5746501-761B-464B-9AFB-315E8C8DD3AF_w800_h450.jpg)
Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо ийгиликтүү аяктаганын Астана жарыялады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров макулдашуу 4-июлда күчүнө киргенин айтты.
"Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык жараяндын толук аяктаганын билдирет", – деди Смадияров.
Ал 2 357 чакырымга созулган чек арага 1 301 чек ара белгиси орнотулганын кошумчалады.
Ташкент азырынча маалымат бере элек.