Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Эс алган жерден да кармап жатышат". Стамбулда мигранттарды текшерүү күчөдү

Түркиянын Стамбул шаарында "мындан ары чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берилбейт" деген маалымат кызуу талкуу жаратты. Өлкөнүн  Миграция департаменти аны четке какканы менен мигранттардын арасында түйшөлгөндөр көп. Өткөн аптада түрк президентинин мыйзамсыз миграция тууралуу билдирүүсүнөн кийин текшерүү күч алды. 

Стамбулда жашап, иштеген кыргызстандыкттар экономикалык таңкыстыкты жон тери менен сезгенин, айрымдары мекенине кайтуунун камын көрүп атканын айтып беришти.

Стамбулда чет өлкөлүктөрдүн каттоосу талкуу жаратты

Түркиялык Milliyet басылмасы 15-июлда Стамбул шаардык бийлиги чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берүүнү жокко чыгарганын жазды. Бул чет элдиктер Стамбулдагы 39 райондун баарында тең каттоого тура албайт дегенди түшүндүрөт.

Эртеси, 16-июлда Түркиянын Миграция департаменти бул маалыматты четке какты. Мекемемин Твиттердеги билдирүүсүндө чет элдиктер мурдагыдай эле калаанын 10 районунда туруктуу жашоо үчүн каттоого турса болору белгиленген.

Буга чейин расмий Анкара 2022-жылы 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 мааледе мигранттарды каттоо токтой турганын эскерткен. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20% ашпашы керектиги да айтылган.

Ошондон бери Түркиянын булуң-бурчунда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тыкыр текшерилип жатканын түрк маалымат каражаттары маал-маалы менен кабарлап турат. Айрыкча мигранттар көп жашаган Стамбул шаарында полиция көчөмө-көчө кыдырып текшерген учурлар катталууда.

"Мигранттар пляждарда да текшерилип атат"

Шаарда көп жылдан бери иштеген Улан Адылбеков документтерди текшерүү көчөлөрдө, ал тургай пляждарда да жүрүп атканын маалымдады:

"Учурда текшерүү күчөдү. Мыйзамсыз жүргөндөрдү экстрадициялап атат. Полиция чет өлкөлүктөрдү пляжда жүргөн жеринен барып текшерип, кармап кетип атканын көрдүм. Түркияда негизи эле көп иш берүүчү эмгек визасын жасап бербейт. Анткени анын көп чыгымдары бар. Ошондуктан дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен иштеп жүрө берчү. Акыркы бир жылдан бери ал визаны да бербей калды".

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая быйыл июнда 15 591 мыйзмасыз жүргөн чет өлкөлүк кармалганын жарыялаган.

Кыргызстандык Алтынай Стамбул шаарында тигүүчү болуп иштейт. Ал быйыл май айында бир жылдык туристтик виза жасатканын, бирок туруктуу жашоого уруксат алуу жараяны жыл сайын катаалдашып баратканын айтып берди:

"Мында барганда башкача документтерди сурашты. Үй ээси менен ижара келишими жана менин атыма жазылган жарыктын же суунун квитанциялары болуш керек дешти. Баарын толук алып барып бердим. 2-3 жумадан кийин тез эле уруксатым келип калды. Буга чейин алты айлык гана виза берип коюшкан. Эми бир жылга берилди".

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен баргандар. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей атканы утуру-утуру айтылып келет.

Мигранттардын виза алуу түйшүгү

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 5-июлда түрк ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугуп, кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимди 90 күндөн 120 күнгө чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керектигин айткан.

Жолугушууда Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү, кыргызстандыктардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланган.

Стамбул шаарында туризм тармагында көп жылдардан бери иштеген Сейил Абылгазиеванын туруктуу жашоого уруксаты аяктап, Кыргызстанга кетүүнүн камын көрүүдө. Ал тапкан акчасы ижара акысына, жол киресине жетпей калганын, иштөө шарттары татаалдашып баратканын жашырбады.

"Мен эле эмес, мени менен чогуу иштешкен көп чет өлкөлүктөр кетип атышат. Батирдин акысы өтө кымбаттап кетти. Жыл башынан бери чогуу иштешкен төрт таанышым өлкөлөрүнө кайтып кетишти. Мен жашаган батирди да үй ээси кымбаттатып койду. Визамды узатайын десем, 12 миң лира кетчүдөй. Туризм тармагы азыр Стамбулда өтө кирешелүү эмес. Анткени баа өтө кымбат. Балким азыр жай болуп, анча-мынча туристтер келип аткандыр. Эми кышында бул баага эч ким келбейт. Акыркы тенденция, Стамбул менен Дубайдын баалары бирдей болгондуктан, туристтердин көбү Дубайды тандап кетип атышат. Андыктан туристтерге да, мигранттарга да Түркия кирешелүү мамлекет болбой калды", - дейт ал.

Түркияда качкындар маселеси да курч. Анткени Түркия дүйнөдөгү эң көп качкын кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда өлкөдө 4 миллион качкын баш калкалайт. Анын 3 млн. 700 миңи сириялыктар.

Президент Режеп Тайып Эрдоган буга чейин мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын жар салган.

Эрдоган 13-июлда мыйзамсыз миграция менен күрөш тууралуу дагы бир жолу билдирүү жасады:

"Биздин жарандар кыска убакыттын ичинде мыйзамсыз мигранттар маселесиндеги көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөрдү аткарылган иштер менен сезет. Коопсуздук күчтөрүбүз чараларды жана операцияларды күчөттү",- деди Эрдоган.

Анын мындай сөзүнөн кийин жергиликтүү маалымат каражаттарында мыйзамсыз жүргөн ооганстандык жана сириялык качкындар мекенине депортацияланып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү ооган жана сириялык экени айтылып жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Один террорист жив. Заложников было трое. Все в Ростове в СИЗО-1 шло не так, как сообщалось

Лекарства уже не помогают. Ване нужны пластины для реконст­рукции черепа

жизнь писатели и менты вокруг

Не ударяться в панику: Аналитик призвал "готовиться" после санкций на операции с долларом

Музыкальные новости

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Группа Metallica даст виртуальный концерт в Fortnite 22 июня

В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады

Новости России

Один террорист жив. Заложников было трое. Все в Ростове в СИЗО-1 шло не так, как сообщалось

В Москве стали производить больше микроэлектроники

Ботул недоверия // Потребителям отравили впечатление от готовой еды

"Сибирские врата ада" в Якутии расширяются быстрее, чем предполагали ученые

Экология в России и мире

Фрукт с сюрпризом: доктор Кутушов рассказал, чем опасен съеденный червь

Магазин "Стильпарк" в новой концепции открылся в Москве

Работы по ремонту детского сада на улице Строителей в Реутове завершены наполовину

Жена туриста, убитого электрическим током во время купания в джакузи на курорте, подала в суд прямо с больничной койки

Спорт в России и мире

Самсонова поддержала Андрееску после победы над ней в финале турнира в Хертогенбосхе

Кирилл Скачков из Новокузнецка стал победителем Игр стран БРИКС-2024

Скачков и Тайлакова выиграли соревнования по настольному теннису на Играх БРИКС

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Moscow.media

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Портативный сканер штрих-кодов Heroje C1271 промышленного класса

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

Башенный комплекс "Ний" (Ингушетия)







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *