Таза суу үчүн сот: 1,5 саат мурда белгилүү болгон чечим
![Таза суу үчүн сот: 1,5 саат мурда белгилүү болгон чечим](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-717c-08db878feadd_tv_w800_h450.jpg)
17-июлда түнкү саат 12де Сокулук райондук соту таза сууну талап кылып камалган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алуу чечимин кабыл алды. Бирок мындан бир жарым саат мурун, 22:22де Чүй облустук соту алардын камалганы айтылган маалымат тараткан эле. Бул көрүнүштөн кийин айыпталуучулардын адвокаты чечимдин адилеттүүлүгүнөн шек санай турганын билдирди.