Мамдума запастагылардын жаш курагын көтөрүүнү караган мыйзамды жактырды
Орусиянын Мамлекеттик Думасы 18-июлда үчүнчү окууда запастагы аскерлердин жана резервдегилер боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.
Документке ылайык, аскерге милдеттүүлөрдүн курагы мурда 50 жаш болсо, эми 55 жаш болуп калды. Ал эми 65 жашка чейинки улук офицерлер согушка тартылат.
Эми мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек.
Резервдегилер келишим түзүп, жыл сайын аскердик машыгууларга барып турушу керек. Бул үчүн аларга акча төлөнөт. Ал эми бир кезде армияда кызмат өтөгөндүн баары запаска жиберилет.
Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун орусиялык аскер кызматына чакырылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганы тууралуу маалымат берген. Андан кийин Путин да долбоор аяктаганын жарыялап, бирок тиешелүү жарлыкка кол койгон эмес. Муну менен Орусияда расмий мобилизация ишин улантууда.
Январь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу үч жыл ичинде орусиялык аскерлердин санын бир жарым миллион кишиге жеткирүү максатын билдирген. Алардын дээрлик жарымы келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер болушу ыктымал деген божомол бар. Мамлекеттик думага армияга чакыруу жашын жогорулатууну караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан тартып аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат.