Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат
![Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат](https://gdb.rferl.org/02ab0000-0aff-0242-a2ec-08da132556d9_w800_h450.jpg)
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы куруларын билдирди. Ал 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында буга чейин беш чакырымы салынганын айтты.
Былтыр жыл аягында "Кыргыз темир жолу" ишканасы Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме "Орусиялык экспорттук борбор" жана "РЖД интернешнл" компаниялары менен 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон.
Ага чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бул долбоорду толук бүтүрүү үчүн инвестор изделип жатканын айткан.
Былтыр март айынын аягында бул темир темир жолдун курулушу расмий башталган. Анда "Балыкчы" станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.
Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолду куруу 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.