Кыргыз-өзбек чек арасы: демаркация боюнча биргелешкен комиссия жыйын курду
13-20-июль күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен демаркациялык комиссиянын жумушчу топтору жолугушту.
Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жолугушууда чек араны демаркациялоо маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы айрым тилкелерди жеринен биргелешип изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Маалыматта сүйлөшүүлөр достук жана түшүнүшүү маанайында өткөнү, жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлганы жазылган.
Эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.
Жапаров бул күндү тарыхый деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.(ZKo)