Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чек ара: Тараптардын дооматы, элдин талабы

Чек ара: Тараптардын дооматы, элдин талабы

24-июлда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, бир нече киши жараат алды. Кыргыз тарап тажикстандыктар милиция кызматкерине кол салганын маалымдады. Кыргызстан чатакка тажик жарандарынын аракети себеп болгонун айтса, Дүйшөмбү аны кыргызстандык атуул баштаган деген маалымат таратты. Эки тарап тең азыр чек арада абал туруктуу экенин ырасташты. Баткендин бийлиги окуяда зыян келтирилген милициянын автоунаасына кеткен чыгымды тажик тарап төлөй турганын да айтууда.

Жергиликтүү бийлик бул окуяны күнүмдүк пикир келишпестик катары сыпаттаса, тургундар майда-барат чыңалуудан кооптонуп калганын айтып жатышат.

Жолдо тутанган мушташ

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү кечке жуук чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган. Мушташка машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кескени себеп болгонун билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлады УКМК.

Окуяда кыргыз тараптан жараат алган үч кишинин экөө бир туугандар. Алардын атасы, Ак-Сай айылыны тургуну Зайнидин Дубанаев буларды айтып берди:

"Биздин тууганды тажик жарандары сабап жатканда менин эки балам барып ажыраталы деген. Алар тарапта 30дан ашык жигит болгон. Он беш автоунаада ар биринде экиден эле жигит болгондо канча адам бар экени белгилүү да. Анан алар биздин балдарды сабап, чоң тополоң чыгып кетти".

Жергиликтүү тургун Асылбек майда чырлар катталган сайын эл кооптонуп жатканын айтып, кыргыз-тажик чек ара маселесин тез арада чечүүнү бийликтен суранды:

"Ушундай маселелер жаралып, жаңжалдар чыгып, тирешүү болгон сайын эл кооптонуп калды. Ар бир кыймылды байкап, этият болуп жашап жатышат. Менин оюмча чек араны кандай болсо да тездетип, бир жактуу чечиш керек. Эки өлкө тургундарын бири-бирине кездешпей тургандай кылып бөлүш керек. Элди мүмкүн болушунча убакыт өткөнчө кесилишпей тургандай кылып маселени чечпесе, башка айласы жок болуп калды. Биздин аймактагы эл чек ара боюнча бир жактуу чечимди, макулдашууларды эле күтүп жашап жатабыз. Ошондо утурумдук болбой, туруктуу, ишенимдүү жашоо улайт элек. Антпесе аманаттай эле жашап, аскерлерге ишенип турабыз", - деди ал.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү окуядан кийин Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен жолугушкан. Анын жыйынтыгында тараптар чатак учурунда коюп алган тосмолорду алууну макулдашкан. Кыргыз тарап Дача аймагындагы, тажик тарап Кожалы (Хожа-Алъо) чек ара тозотуна бараткан жолдогу тосмону алмай болгон.

"Турмуш-тиричиликке байланышкан келишпестик болду"

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 25-июлда «Азаттык» радиосуна окуядан жабыркагандар, автоунаалардын чыгымы боюнча тиешелүү экспертизалардын жана укук коргоо кызматтарынын иликтөөсүнөн кийин чечим кабыл алынарын маалымдады.

"Кыргызстандын үч жараны биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү, абалдары жакшы. Чек ара аймагында абал тынч, эл күнүмдүк тирилиги менен алектенип жатат. Окуя Ак-Сай айылына кире бериште автоунаалардын айдоочулары жол эрежесин бузганынан, тирешинен башталган. Андан кийин Дача участогуна жакын жерде уланып кеткен. Эми бул күнүмдүк эле пикир келишпестик. Бул окуяны улуттар аралык же эки өлкөнүн ортосундагы чатак дегендей талкуулабаш керек. Бизде өзүбүздө деле жол кырсыгы болсо, тараптарда пикир келишпестик болуп кетет да. Биз дароо эки тарап тиешелүү кызматтар, жетекчиликтер жолугушуп, абалды туруктуу кармап, жаңжалдын андан ары ырбап кетүүсүнө жол койбой, маселени чечтик. Ошол учурда чыр күчөп маселе жаралбасын деп, эки тарап макулдашып, Исфара-Ворух жолун кыска мөөнөткө жаап турдук. Азыр абал туруктуу эл өз тиричилиги менен алек", - деди Учкунбек Жоробаев.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы чек арадагы окуя электрондук журналга катталып, иликтөө иштери башталганын, ооруканага кайрылган жарандарга экспертизалар дайындалганын билдирди.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо, абалды туруктуу кармоо боюнча Баткен облусунун башчысы менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы да сүйлөшүү жүргүзгөн. Облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова буларды маалымдады:

"24-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми денесинен жараат алган Кыргызстандын үч жаранына тийиштүү экспертизалар дайындалды".

Тажикстандын билдирүүсү

Тажикстандын Чек ара кызматы соңку чыр-чатак боюнча 25-июлда түштөн кийин гана маалымат берди.

Анда дүйшөмбүдө 17.30дар чамасында кыргыз-тажик чектеш айылдарында чатак чыкканын ырасталган.

"24-июлда сегиз машинеден турган үлпөт кортежи Исфараны көздөй бараткан. Кыргыздардын Ак-Сай айылына кире бериште автоунааны мас абалындагы Кыргызстандын жараны таш менен урган. Кортеждин бири жол кыймылына тоскоол болгонун айтып, ал трассаны тосуп алган. Машинеден чыгып, тажик жарандарына таш ыргыткан. Натыйжада үч автомашинага зыян келтирилип, төрт тажик жараны жеңил жараат алган", - деп билдирди жана чек арада абал туруктуу экенин кошумчалады.

"Озоди" радиосу "жергиликтүү үч тажик жаранынын маалыматына караганда, 24-июлда Баткендин Ак-Сай айылы аркылуу өткөн Исфара-Ворух" жолу кечки саат 9га чейин коңшу өлкөнүн аскерлери тарабынан тосулуп турган. Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, кыргызстандык аскерлер жолдо турган. Кыргыз айылдарынын жашоочулары тажикстандыктардын машинелерин таш менен урган. Биздин үч айылдашыбыз жараат алган" деп жазды.

Тажик Чек ара кызматынын маалыматында кыргызстандык милиция кызматкерин кол салуу тууралуу айтылган эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасынын 300 чакырымдайы эки тараптуу такталбай шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Мындан улам суу, жол, жер талаштан улам утур-утур жанжалдар чыгып келет. Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган.

1958-1959-жылдарда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрадан тактоо иштери жүргөн. Кыргыз тарап чек араны 1958-жылдагы карта менен такташ керек деп эсептейт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Мосгорсуд оставил без изменений меру пресечения организатору теракта в "Крокусе"

Заворотнюк, Фриске, Задорнов: звезды, жизнь которых унесло серьезное заболевание

В бундестаге выдвинули Шольцу требование по России

Наталья Попова примет участие в мультиформатном фестивале в День России

Музыкальные новости

"Гриша, уходи!": реакция интернет-сообщества на вылет "Урала" из РПЛ

«Восход», Тинькофф Банк и Альфа объявили о совместном pre-IPO фонде в секторе tech на 4 млрд рублей

Топ-клуб РПЛ из Москвы заинтересован в трансфере Зайнутдинова

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Новости России

Фотопроект «Особенная любовь» открылся в Лобне

В бундестаге выдвинули Шольцу требование по России

Спортивные соревнования на призы Мособлдумы прошли в Воскресенске

Более 8 тысяч человек посетили арт-фестиваль «Сирень+» в Солнечногорске

Экология в России и мире

Волжский нарцисс - Плес

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе

Российский лоукостер запустил рейсы в Анталию из Махачкалы

Спорт в России и мире

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Теннисистка из Пятигорска вышла в четвёртый круг турнира Большого шлема

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Moscow.media

Правительство РФ направило дополнительные средства на завершение строительства трассы Гузерипль – плато Лагонаки в Адыгее

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде

Красноголовый солист.

В Кировском районе Крыма проверили бывших мигрантов, не вставших на воинский учет







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *