Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алды
![Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-877b-08db8d2a145a_w800_h450.jpg)
Грекиянын токойлорун каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алды. Тилсиз жоо үч аптадан бери өлкөнүн бир нече аралдарын каптап, миңдеген жергиликтүү тургун жана турист коопсуз аймакка көчүрүлдү.
Грек телевидениеси Эвия аралындагы өрткө суу чачып жүргөн учак кулаганын, пилоттор аны башкара албай калышканын маалымдады. Эки учкуч тең ошол жерден мүрт кеткен. Андан тышкары жекшембиден бери дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы чабандын сөөгү табылды.
Родос, Корфу жана Эвия аралдарын каптаган тилсиз жоо менен күрөшүүгө түркиялык, хорватиялык жана словакиялык өрт өчүрүүчүлөр көмөктөшүүдө. Ысык жана шамал аны күчөтүп жатканы айтылууда. Миңдеген тургундар жана туристтер коопсуз жакка көчүрүлдү.
Ысыктан улам бир ушул тапта Түркияда, Италияда, Сирияда да токойлор өрттөнүүдө. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүүсүнөн көрүп жатышат.
Буга чейин Алжирдеги токойлорду каптаган өрт калктуу конуштарга жайылып, кеминде 34 кишинин өмүрүн алды деп кабарланган эле.