Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
![Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн](https://gdb.rferl.org/E520BF6D-6B46-478B-99C4-D765A7AE1F99_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет борбору 29-30-июлда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
30-июлга караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Бийик тоолуу райондордо 0…5, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 35…37 градус болот.