Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Өкүл баланы иштен алыңыз". Жол кайгуулчулар министрге талап койду

Оштогу жол кайгуул кызматкерлеринен түшкөн кайрылууну Ички иштер министрлиги түзгөн комиссия текшере баштады.

28-июлда кечке жуук Ош шаарында алтымыштан ашуун жол кайгуул кызматкери акцияга чыгып, жетекчисин иштен алууну талап кылышкан.

Кайгуул кызматкерлеринин кайрылуусуна коомчулук ар кандай баа берүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн алдына 28-июлдун кечинде алтымыштан ашуун кызматкер чогулду. Алар ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, эки ай мурда дайындалган жетекчи Айбек Жумагулов менен иштеше албай турганын ачык айтышты.

Нааразы болгондор өлкө башчы Садыр Жапаровго, ички иштер министри Улан Ниязбековго жети пункттан турган кат жиберген. Анда жетекчинин иш убактысын узартып салганын, дарылануу үчүн өргүүгө чыгууга уруксат бербегенин, кызматкерлерди негизсиз иштен кетиргенин ж.б. кылык-жоруктарын ачык жазышкан.

Чогулгандардын атынан сүйлөгөн кызматкер Элнура Айтиева ички иштер министрин Айбек Жумагуловду башка кызматка которууга чакырды.

“Урматтуу, ички иштер министри Улан Ниязбеков сиздин кадыр-баркыңызга доо кетирип, жаманатты кыла электе өкүл балаңыз, иниңиз Айбек Жумагуловду башка кызматка которуп же иштен кетирип, мыйзам чегинде иштеген башка жетекчини коюп берүүңүздү суранабыз”.

Оштогу кайгуул кызматкерлерин бул акциясын коомчулук ар түрдүү кабыл алууда. Айрымдар милициянын өз укугун коргоого акысы бар десе, айрымдар муну мыйзамга каршы аракет, сабатсыздык катары баалашты.

Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков бул жагдай кадр тандоо саясатынын мүчүлүштүгүнөн келип чыкты деп эсептейт.

“Кадрларды жумушка коюп жатканда көңүл буруу керек. Атайын баскычтарды басып өткөндөрдү гана жетекчилик кызматтарга дайындаш керек. Жетекчи боло турган киши өздүк курам менен мамиле курууну өздөштүргөнү оң. Адегенде чакан жамаат менен иштешип, андан кийин жогорулашы керек да. Азыр жогору жактан тааныш-билишти ортого салып жетекчи болуп жатышат. Аягында ушинтип уят болушат. Кызматкерлерди киши ордуна көрбөсө ушундай көйгөйлөр чыгат”, - деди Мадылбеков.

Буга чейин Оштогу жол кайгуул кызматкерлери иш таштаганы тууралуу кабар тараган. Бирок Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалыматты төгүндөдү.

Акцияга чыккан жол кайгуулчулардын айтымында, Жумагуловдун кысымынан улам ондон ашуун кызматкер өз каалоосу менен иштен кеткен.

Куугунтукка кабылдым дегендердин бири Нурлан Шакиров буларды айтты:

“Эки айдан бери иштетпей куугунтуктап жатат. Менин ордум керек болуп жатат окшойт. Бирок жөн эле кетпей турганымды айттым. Эмнеден жазганымды билбейм. “Өлүп калган атам тирилип келсе да сени кечирбейм, өзүң эле башка жакка которулуп кет” деп жатат”.

Айбек Жумагулов Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнө май айынын ортосунда жетекчи болуп барган. Ага чейин аталган кызматтын Бишкек шаардык бөлүмүндө жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Жумагулов кызматкерлердин өз дарегине айткан сынына азырынча жооп бере элек. Аны менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Ички иштер министрлигинин уставына ылайык милиция кызматкери кайсы бир партияга мүчө болууга, митинг, пикеттерге чыгууга тыюу салынган.

Аталган министрликтин кеңешчиси Бакыт Сеитов мындан улам кызматкерлер маселесин министрликке кайрылып чечиши керек эле деп эсептейт.

“Бул маселени башкача жол менен деле чечсе болмок. Министрликке кайрылса болмок. Азыр эми эл ар кандай түшүнүп жатат. Булар коомдук тартипти сактайбы же кайдагы бир оппозициялык топторго окшоп жүрө беришеби деген ой жаралды да. Биз аскер адамдарыбыз, ант бергенбиз, ошого жараша чыдаш керек. Эгер чындап эле кыйналып жатса, министрликке кайрылганга укугу бар”.

Жол кайгуулчулардын акциясы президент Садыр Жапаров Ошто жумушчу сапар менен жүргөндө болду.

Айрым эксперттердин пикиринде, жолдогу коопсуздукка, тартипке көз салган кызматкерлеринин акцияга чыгышы ИИМге заманбап реформа керек экенин көрсөтүп турат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милиция реформаны өзүндө иштеген адамдардын укугун эске алуу менен башташы керек деди.

"Милицияны реформа кылуу иши 2001-2003-жылдар аралыгында башталган. Ошондо 27 миллион доллар акча бөлүнгөн. Кийин да каражаттар бөлүнүп турду. Ал каражаттар техникалык жабдууларга, сыртка чыгып окуп келүүгө эле кетти. Бирок ал реформа эмес. Реформа деген мыйзамды так сактоодон башталышы керек. Азыр аларга алтындан форма кийгизип койсо деле, мыйзам, талап оңдолбосо ошол бойдон калышат. Буга чейин мыйзам долбоорлоруна сунуштарды бергенбиз. Ириде милиция өзунүн укугун коргой ала турган болуш керек".

Оштогу жол кайгуулчулардын талаптары аткарылабы же жокпу азырынча белгисиз. ИИМдин атайын комиссиясы текшерүү иштерин 31-июлда баштай турганы айтылды. Шаардык милициянын маалыматында Ошто 200дөн ашуун кайгуул кызматкери иштейт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Полковнику ВСУ, приказавшему сбить русский самолет, избрали меру пресечение

Воробьев поздравил дивизию имени Дзержинского со 100-летием

СК завел дело после заражения нижегородцев ботулизмом

Белоусов "пошёл на Казахстан" с неприятными «дружескими» вопросами — рассказываю

Музыкальные новости

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

МОК не допустил до Олимпиады сильнейших борцов и тхэквондистов из России

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Новости России

Россия и КНДР обсудили возможность запуска прямых авиарейсов

40 лет трагедии над Сахалином. Что рассказали о ней "чёрные ящики"

В Казани зафиксировано шесть случаев подозрения на ботулизм

Белоусов "пошёл на Казахстан" с неприятными «дружескими» вопросами — рассказываю

Экология в России и мире

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Россиянам предложили премиальные туры сразу в 2 страны: рейсы начнутся из 8 российских городов

Российская компания «Ревилайн» в Йошкар-Оле выпустила новый стационарный ирригатор RL 150

Спорт в России и мире

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»

Россиянка Людмила Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосе

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

«Надо чем-то жертвовать». Арина Соболенко отказалась ехать на Олимпиаду в Париже

Moscow.media

Heroje H288BW- портативный сканер штрих-кодов с интерфейсом Bluetooth

Выплаты в ОСАГО в I квартале этого года выросли существеннее, чем сборы

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

ALMI Partner и Etersoft подтвердили совместимость продуктов







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *