Ошто Кызыл-Жар айылындагы мектеп күйүп кетти
Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайым-Талаа айылындагы мектепти өрт чалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта кабарлады.
Тилсиз жоо 15:30га жакын курчоого алынган. Өрттүн себептери жана жабыркагандар бар-жогу айтыла элек.
ӨКМдин маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча 27 өрт кырсыгы катталган. Жабыркагандар жана каза болгондор болгон эмес.
Былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.
Кыргызстанда айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет .
Кыргызстанда авариялык абалдагы билим берүү жайларынын жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун 10-февралдагы жыйынында Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирген.
Авариялык абалдагы мектептердин саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда (66 мектеп). (КЕ)