БУУ каржы тартыштыгынан оогандарга жардамды кыскартарын эскертти
![БУУ каржы тартыштыгынан оогандарга жардамды кыскартарын эскертти](https://gdb.rferl.org/a48b5222-11b6-4d11-ab1d-3d0d2bed7792_w800_h450.jpg)
Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жетиштүү каржынын жоктугунан ачарчылыкка дуушар болуп жаткан миллиондогон оогандарга жардамды кыскартууга аргасыз болорун эскертти.
"Ооганстандын алыскы аймактарындагы үч миллиондой кишиге кышкыга азык-түлүк камдоого бизге шашылыш түрдө 100 миллион доллар керек", - деди "Азаттыктын" ооган кызматына курган маегинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Ооганстандагы өкүлү Вахидулла Амани.
Ал жакыр оогандыктарга жардам көрсөтүү үчүн алдыңкы алты айда бир миллиард доллар керек экенин кошумчалады. Уюмдун эсебинде 40 миллион калктын 15 миллиону азык-түлүк жардамына муктаж. Алардын үч миллиону эптеп күн көрүп жаткандар.
Буга чейин Эл аралык куткаруу комитети (IRC) Ооганстанда кайрымдуулук операцияларды каржылоо кыскарып жатканына тынчсыздануусун 7-августта билдирген.
Быйыл сунушталган долбоорлордун 23% гана каржыланган. IRC эл аралык донорлорду "узак мөөнөттүү жардам берүү боюнча" милдеттенме алууга чакырган.
Талибдер 2021-жылдын август айында бийликке келгени Батыш мамлекеттери Ооганстанга багытталган жардамдын баарын токтотуп койгон. Андан тышкары, талибдер адам укуктарын сактабай жатканына байланыштуу Кабулга эл аралык санкциялар салынган.