Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

23 жаштагы жигиттин өлүмү: Милициянын видеосу шек жаратты

23 жаштагы жигиттин өлүмү: Милициянын видеосу шек жаратты

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдүн Бостери айылында эс алып жүргөн учурда каза тапкан Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди.

Журналисттер милициянын шектүүлөр кармалган учур деп 14-августта тараткан видеосу эки жыл мурунку экенин таап чыгып, талкуу жаратууда. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы анда архивдик кадрлар колдонулганын билдирип жатат.

Буга чейин Аманкуловдун жакындары милициянын ишине нааразы болуп, өлкө жетекчилерине кайрылышкан.

"Төрт шектүү кармалды"

ИИМдин басма сөз кызматы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын 14-августта маалымдады. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") беренеси менен козголгон кылмыш ишин иликтеп-тергөөдө 100дөн ашык жаран суралганын жана алардын теңине жакынкы күбө катары көрсөтмө бергенин билдирди.

"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү жарандар аныкталды. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну жана Ысык-Көл облусунун тургуну. Кылмышка шектүүлөр Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деди министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева.

Кармалгандардын бөгөт чарасы Ысык-Көл райондук сотунда каралып, алар эки айга камалганы кабарланды.

Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Аманкулов 6-августта Бостериде эс алып жүргөн кезде каза болгон. Алгачкы иликтөөлөрдө жана маалыматтарда Аманкулов өз ажалы менен өлгөнү айтылган. Бирок маркумдун жакындары ал киши колдуу болгонун айтып, ишти жакшы иликтебей жатат деп милицияга нааразылыгын билдирген жана мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылышкан. Кийин ишти президент жеке көзөмөлүнө алганы маалым болгон.

Ошол эле маалда Бостери айылынын айрым тургундары жана «Золотые Пески» пансионатынын кызматкерлери окуя тууралуу видео кайрылуу жасап, эч кандай мушташ болбогонун, маркум Бекбол Аманкулов мас абалында болгонун жана ал тилин жутуп каза болгонун айтып чыгышкан. Облустук милиция дагы маркумдун денесинде тактар байкалган эмес деп маалымат тараткан.

"Ишти жашырууга аракет кылгандар жоопко тартылсын"

Ал эми маркумдун агасы Эрамир Малик уулу экспертизанын жыйынтыгына жараша ишти жаап-жашырган кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда:

" Соттук эспертиза же тергөөчү жалган маалымат таратып, "балаңар көп ичип алып, каза болду" деген кишинин баары жооп берсин деген талаптарды коюп, аягына чыгам буйруса. Талас облустук соттук экспертизасы менен Ысык-Көл облустук сот экспертизасын салыштырып көрөбүз. Мүмкүн бул жерде кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыктары бардыр. Бул иш ушундай резонанс болбогондо калып калмак. Байкуш маркум инибиз аракка ууланып калды деп жаманатты болуп калмак экен. Булар ушул убакка чейин дагы канча ишти жаап койгон болушу мүмкүн. Көп жерден балдар кийлигишип кеткен үчүн ушинтип ачыкка чыгып жатат да".

Социалдык тармактын колдонуучулары башында ишти бурмалоо аракеттери болгон болсо, жалган маалымат тараткан милиция кызматкерлерди жоопко тартылышы керектигин билдирип чыгышты:

"Бул жерде туура эмес маалымат берген, туура эмес көрсөтмө берип, кылмышты жашырууга аракет кылгандарды жоопко тартыш керек. Талма оорусу бар деп чыгарган медициналык экспертизаны, аны колдогон тергөөчүнү, баарын жоопко тартыш керек. Катуу жоопко тартса ошондо акыйкаттык болот", - деди блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов.

Күмөндүү видео

ИИМдин басма сөз кызматы окуя боюнча тергөө иштери толук бүтө электигин жана күбө катары жалган көрсөтмө бергендерге, ошондой эле милиция кызматкерлерине да укуктук баа берилерин билдирди.

Министрлик 14-августта Аманкуловдун өлүмүнө шектүү жарандар кармалып жаткан учур деп тараткан видео боюнча күмөндүү маалыматтар чыкты. Анткени журналисттер ал видео эки жыл мурунку уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учуру экенин таап чыгышты. Мындан улам интернетте милициянын видеосу талкууга алынып, айрымдары муну манипуляция десе, дагы бири шектүүлөрдү жөн гана кармап койгон деп шекшип жатышат.

"Булар башында эле туура эмес маалымат берип алышпадыбы, "бала талмасынан каза болуп калды, тилдин жутуп алды" деп... Кылмыш ишин жаап коюуга аракет кылышты. Мисалы башка иш болгондо экспертизаны 1 ай күтүш керек дейт болчу. Бул жерде чоң күмөн жаралды. Экинчисинде болсо төрт жаранды кармаганда эски видеону колдонду. Бул менен коомчулукту андан бетер күмөн ойго салып койду. Балким алар мурда эле кармалган кылмышкер болуп чыксачы деген ой кетти. Алардын кебетесине караганда деле кылмышкер экени көрүнүп турат. Эми бул ишти кандай тергеген күндө деле күмөн болуп кала берет", - деди журналист Назгүл Мамытова.

Чуулгандуу видеону тараткан Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов жарыяланган видео эски экенин моюнга алды.

"Ал видеодо чындап эле архивдик видеолор колдонулган. Себеби төрт шектүүнү кармаганда түнкү учур болгон да. Анан видеолор караңгы болуп жакшы көрүнбөй калгандыктан, архивдик видео колдонулган болчу. Бирок чындыгында төртөө тең кармалган, сот тарабынан эки айга камоо тууралуу бөгөт чарасы кабыл алынган".

Бул окуя президент кийлигишип өз көзөмөлүнө алганы айтылгандан кийин Ички иштер министрлиги атайын тергөө тобун түзүп, кийинчирээк маркум Бекболотовдун жакындары менен министр Улан Ниязбеков жолукан.

Президент көзөмөлдөөчү фигурабы?

Соңку кездери Кыргызстандагы маселелердин көпчүлүгүнө президент өзү кийлигише баштаганын байкоого болот. Мындан улам карапайым адамдар дагы көйгөйлөрүн президентке жеткирүүгө аракеттенип, кайрылууларды жолдоп жатышат. Саясат талдоочу Руслан Акматбек бул тенденцияны мамлекеттик органдардын жакшы иштебегени менен байланыштырды:

"Азыркы түзүлгөн саясий түзүлүш бул жарандын бакубаттуулугу үчүн эмес, бийликтин бакубаттуулугун приоритетке алганы үчүн. Экинчиден, укук коргоо органдары бардык күчүн жарандын укугун коргоо үчүн эмес, саясий активисттерди, оппозиция менен алышып, өзүнүн милдетин аткарбай компетенттүүлүгүн жоготуп жатат. Бул жергиликтүү мамлекеттик органдардын алсыздыгынан кабар берет. Эмне үчүн? Мыйзам иштебегени үчүн. Азыр жарандар акыйкаттыкты өздөрү издеп жатат. Бизде окуя качан гана резонанс жаратып, маалымат каражаттары чуу көтөргөндө чечилет. Сөзсүз кийлигишүү керек, сөзсүз текшериш керек. Башкача айтканда президентти жөнөкөй көзөмөл кылган фигурага айлантып коюшту".

Ысык-Көлдө туристтик сезон кызып турган маалда адам өлүмү менен коштолгон бир катар окуялар катталды.

24.kg сайты Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында Кыргызстандан мурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин 39 жаштагы уулуна 28 жаштагы жаран бутуна бычак сайганын жазып чыкты.

Шектүү кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси("Бейбаштык") менен иш козголгон.

24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп бараткан катер жанындагы теплоходго урунган. Ал кырсыкта 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз каза болуп, дагы бир киши ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу катердин 16 жаштагы айдоочусу кармалган.

Бул окуядан кийин, 25-июлда президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырган.

Ага байланыштуу 26-июлда тармактар аралык комиссия түзүлүп, комиссия көл жээгинде кырсыктарды болтурбоо жана эс алуучулардын ден соолугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзөрү кабарланган.

Көп узабай, өткөн жумада Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыз сууга чөгүп кетип каза болду.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Глава района Забайкалья показал, как будут выглядеть новые школы

"78.ru": в Петербурге лжеполицейские выманили у пенсионерки 8,2 млн рублей

Администрация Пскова презентует город на выставке «Россия» в Москве

«Российская газета»: Глава комитета Госдумы Сергей Гаврилов назвал последствия ситуации на Мосбирже

Музыкальные новости

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"

«Неприятно, что случилось в Казани». Шипачев — о переходе в минское «Динамо»

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности

Новости России

Шарику и Мурке присвоят номера. Нужно ли маркировать животных в Ульяновске

Более 50 развлекательных мероприятий проведут на следующей неделе в Химках

ДГИ Москвы предложил столичным специалистам создать картографический веб-сервис

Глава района Забайкалья показал, как будут выглядеть новые школы

Экология в России и мире

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru

Новые портативные ирригаторы Revyline RL 630 Green скоро поступят в представительство марки в Махачкале

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Азербайджан назначил столицей тюркского мира талышский город Ленкорань. Талышские организации мира бьют тревогу

Спорт в России и мире

Сафиуллин не смог пробиться во второй круг турнира ATP в Штутгарте

Испанский теннисист Надаль не сыграет на Уимблдоне

Блинкова вылетела с турнира WTA в Хертогенбосхе

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

Moscow.media

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

ТСД промышленного класса Saotron RT-Т510

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *