Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шаарда чокулар көрүнбөйт...

Шаарда чокулар көрүнбөйт...

Кубатбек Жусубалиевдин “Кар” деген аңгемеси каламдашы Жоробек Султаналиевди эскерүүгө арналган. Сыртынан караган кишиге анча деле маанилүү нерсе камтылбагандай, эки калемгердин ортосундагы мамиле – сөз күчү, адам көңүлү, армандуу жашоо, турмуш, акыйкаттык тууралуу кеп болгондой сезилет. Бирок текст артында оголе чоң ой камтылган.

Сократтын жазага тартылышы

Адабиятта тирүүсүндө аты аталып, көзү өткөндөн кийин унутулган кайрандар аябай эле көп. Кайриет, Жоробек Султаналиевдин тагдыры андайга туш келбеди.

“Кар” баянын Кубатбек Жусубалиев досу Жоробек Султаналиевге койгон эстелиги экенин Алым Токтомушев менен курган сукбатында ырастаган. Учкул сөздөрдү мыскалдап чогултуп китеп кылып, акыл менен кылдат туюмдун ширесинен чыккан ой берметтерин жыйноодон тажабаган “а камбагал” “Мартин Иденди” которуп, бирок анысы басмадан китеп болуп чыкканын көрбөй бул жашоодон өтүп кеткен талант.

Котормосу чыкса чыштай кийинерин, акчага маарып кенен жашоого жетерин айтып, эчен уйкусуз түндөрүн жулдурган ишине чоң үмүт арткан экен. Экөө бир жерде иштешет, андайда айтылбаган сыр деле калбайт эмеспи. Сөз арасында Жоробек “мен тууралуу роман жаз” деп жатпайбы. Аңгеме, повесть эмес, роман деп.

“Анан акын деген дейт, акындын кийими жакшы, бажоо болуш керек дейт, ушул чыккандан кийин кийинем дейт жакшы. Ошол камбагал ошонун акчасын алмак түгүл, чыкканын көрбөй өлүп кетти да. Өмүр бою санаасы менен байып жүрүп өлүп кетти да. Акындын бажоо кийимине жеткен жок да. Мен жөнүндө роман жаз, дейт. Жазайын, өлбөйсүңбү дейм. Жаман капа болду да камбагал. Өзүм да оозуман жаңылып жаман болдум, эй.

Ушунча капа болду десең камбагалым, ана дейм болбойт, мына дейм болбойт, жанымда бир сомум бар эле, вино алып бердим, "эми кандай Жоке" десем, ага да болбойт. Сөз деген жаман эй, ушунчалык абайлап айтыш керек, сөз деген найзадай, кылычтай, уудай, бир чыгып кетсе жаман, эй. Ошон үчүн кыргыздар сөзгө чоң маани берген да”, - дейт.

Ал күнү шаар асманында булуттар буюгуп, кудум Сократты жазага тартып жаткан Афиныдагыдай баары чакчелекей түшүп жаткан. Жоробек акын саргайып четтери тытылып кеткен кол жазмасын колтуктап күүлдөгөн шаар ичиндеги чоң көчөдө бараткан. Канча убакыт коротконун ким билсин, америкалык жазуучу Жек Лондондун “Мартин Иден” романын которуп, анысын чыгарса атактуу акындардай жакшы кийинерин, жарашыктуу кийими менен көчөдө басарын, колуна тийген акчага канчадан бери ойлоп келаткан буюмдарын сатып аларын, китеп чыгарын, басмадагылар убада кылышканына ыраазы, көңүлү шат экен.

“Орфей, Гомер, Шекспир, Гораций, Кольридж, Рильке, Руми, Рамис, Жеңижок, Рембо сыңары эле сөздүн кулу, ырдын кулу, сөз жиндиси, ыр жиндиси, ыр паашасы, сөз паашасы — акын Жокем, жаркын Жокем, карып Жокем, кембагал Жокем — көз алдыма келди. Анан деңизге тумчуккан Шелли сыңары өлөрүнөн үч күн мурун, кышында бир көрдүм.

Мен редактор. Ал корректор. Мен да штаттан тышкаркы. Ал да штаттан тышкары. Бирибиз "Кыргызстан эфирде" дейбиз. Бирибиз "Кыргызтелефильм" дейбиз… Экөөбүз дагы жолугушуп калдык. Экөөбүз бир жерде иштейбиз. Биз менен Манас, Семетей, Сейтек, Кошой, Коңурбай, Толтой, Бакай, Бокмурун, Көкөтөй, Алманбет, Сыргак, Чубак, Күлчоро, Айчүрөк, Каныкей, Гүлмиралар кошо иштешет. Баарыбыз жазабыз. Кыргызга кыйын. Күнү өкүмөткө жазабыз. Түнү катыныбызга жазабыз. Мен бир ажайып бөлмөдө отурам. Бешинчи кабатта. Баарыбыз киребиз. Биз отурган чоң бөлмөгө киребиз. Эң төрүндө бир эшик бар. Жабык. Дайыма жабылуу турат. Залга кирет. Чоң зал бар. Залда дайыма чогулуш болот. Угулуп турат. Оң жакта бир эшик бар. Начальник отурат.”

Көркөм сөзгө шыктуу жандар өзү ушундай болушат, бир буту жерде - дымагы көктө, байыркы дүйнө менен азыркыны аралаштырып, Бишкек менен Афиныны бириктирип, көбүнчө алагүү жүрүшөт. Шаарда отурушканы менен ойлору талаалап, тоого чыгып кетет. Шаардан дайым эле тоо көрүнө бербейт, көбүнчө туман басып, бийик чокулар билинбей калат. Андайда кең бөлмөдө отургандардын маанайы чөгө түшөт. Тоо көрүнүп турса булардын маанайы көтөрүлүп, жарпы жазылат.

“Силер калгыла. Мен кеттим...”

Кайсы бир сүйлөмдү экинчисине туташтыра албай кантип жазсам деп ойлонуп аткан. Эч кимди көргүсү, сүйлөшкүсү келбей турган. Сыртка чыкса эшик алдында туруптур, бир нерсени унуткан киши болуп артына кайтты, мен чыкканча кетип калар деп ойлогон, кетпептир, күтүп жаткан окшойт.

“Мени күтүп туруптур. Уялып кеттим. "Тышка бирге чыгалы" деди. "Кар жаап атат" деди. Кошо чыктык. Кар жаап атыптыр. Туман түшүп туруптур. Үйлөрдүн башы туманга тийип турат. Кирип турат. Чексиз бийик аскалар болуп турушат. Кожожаш болуп экөөбүз турабыз. Башында Сталиндикиндей тумагы бар, жылдызы эле жок. Колунда кармаган кызыл тору бар. Түбүндө торго илешкен чөп-чардай кагазга оролгон муштумдай эти бар. Кабырга окшойт. Арык окшойт. Башы кашкайып чыгып турат. "Мартин Иден" Кыргызмамбастан (о, мампайган көөмүш уйдай болгон атыңдан айланайын!) чыгып жатканын айтып, пулун алса, бир сыйра, эки сыйра кийинерин айтып, акын киши жакшы кийинип жүрүш керек деп, "жердин көркү топурак" деп, "сокур катыныма бербейм" десе, мен "туура" деп, "бербе" деп отуруп, экөөбүз, кардын алдында, Октябрь кинотеатрынын жанындагы "Чынар" кафесине кирдик…

Оозу шок жаным, "Сен мен жөнүндө роман жаз. Бул сенин гана колуңдан келет. Мен айтып берейин. Качан жолугушалы? Каерден жолугушалы?" дей бергенинен, "өлгөнүңдөн кийин жазам, Жоке" деп коемунбу! "Тайдым" дейм. Болбойт. "Жаздым" дейм. Болбойт. "Кечир, байкеси" дейм… Бирөөгө жакшы айтпаган, жаман айтпаган, соорото албаган жаным. Таалайбек жаны жок айткандай, кара башым, как чокуман башкага пайдасы жок жаным, "кечир, Жоке" дейм… Болбойт. "Ушинтип айтпасаң болот эле" дейт. "Сен ушинтип айтпасаң болот эле" дейт. "Жакшы адамдын оозунан мындай сөз чыкпайт" дейт. Туура, Жоке. Мен ушинтип айтпасам болот эле. Бирок дале ушинтип айтып коюп жашап жүрөм”.

Ушул сөз катуу тийиптир, таарынуу дегенди билбеген Жокең ушуга катуу сыныптыр. Алдынан өтүп, чөнтөгүндөгү акыркы тыйыны – бир сомун алып чыгып берди. Бир сомго алынган винону түбүнө чейин шимиргенден кийин деле капасы жазылган жок. Сен өлгөндөн кийин жазамын деп бекер айткан экен. Кинотеатрдан чыгып бурчтагы китепканага киришти. Күңүрт залда китеп окуган деле киши жок экен. Китептер тирелип турат. Ал жерден маанайы түшүп сыртка чыгышты да келер автобусту күтүштү. Акыры автобус келди, тыгылышкан элдин арасына Жокең кирип кетти. Аялдамада турганда анын бир жак көзүнүн чети шишип турганын көрдү, анысы аялы ургандан калган так экен, щетка менен уруптур. Бул экөөнүн акыркы коштошуусу экен, аны билишпептир, туюшпаптыр.

“Калган-каткан тыйынымды берип кала бердим. Кантип түшкөнүн көрбөй калдым. "Соң-Көл" кафесине түшүп калды. Мен автобуста кеттим… "САПАР КАРЫДЫ. Силер калгыла. Мен кеттим. Калган жакшыбы? Кеткен жакшыбы? Ким билет…".  Бул Сократтын уу ичип өлөр алдында айткан сөздөрү экен. Булуттай чак-челекей түшүргөн сөздөр ушулар эле. Мен бийик, бийик асманда шамал тыткан булуттай чак-челекей түштүм…”.

Жоробек Султаналиевдин да сапары карыган экен. Жазуучулук турмуштун нак өзүн таамай тартып койгон мына ушул аңгеме жазуучулук өнөрдүн татаалдыгын, калам кармагандын баары эле атак-даңктын төөбастысында калбастыгын, сүрмө топтун арасынан саналуулары гана окурман деген улуу журттун арзуусуна туш келерин айгинелеп турат.

Кубатбек Жусубалиевдин каламынан чыккандарды ыраматылык Эрнис Асек уулу:

Кубат акенин чыгармалары ошондой, өлгөндү кайра тирилткен суудай, куурап калган кыргыз адабиятына куюп жаткан арыктай. Ошол үчүн адабиятыбыздын кайра тирилишине ишенем. Жайкалгандан жайкалып, бариктери дирилдеп, бутактарында куштары сайрап, жан жыргатарына ишенем”, - деп жазган.

Кеп соңунда автор тууралуу кыскача маалымат:

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районундагы Кердегей айылында туулган. 1957-жылы колхоздо иштеп, 1958-жылдан Чоң-Алай айылындагы "Кыргызстан" сегиз жылдык мектебинде мугалим, 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку сценарийдик курста окуган. 1964-жылдан облустук "Ленин жолу" гезитинин адабий кызматкери, 1965–1985-жылдары "Кыргызтелефильм" студиясында редактор болуп иштеген.

"Күн автопортретин тартып бүтө элек" алгачкы китеби 1967-жылы чыккан. "Толубай сынчы" деген жалаң аңгемелерден турган китеби 1981-жылы, 1990-жылы "Муздак дубалдары" жарык көргөн. Калемгердин жакын шакирти Мелис Эшимкановдун аракети, демилгеси менен 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" китеби чыккан.

Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев кыйла жылдардан бери туулган жеринде – Кердегей айылында жашайт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Мастера спорта провели для участников проекта «Активное долголетие» зарядку в Раменском

9 вагонов пассажирского поезда Воркута — Новороссийск сошли с рельсов в Коми

Приемка квартиры от застройщика: важные нюансы и на что обратить внимание

12-летнему ребенку из Кулебак экстренно пересадили сердце в Москве

Музыкальные новости

Новичок ярославского «Локомотива» сыграет в гала-матче в Москве

У инвесторов появилась возможность купить ЦФА на "Атомайзе" прямо в мобильном приложении Росбанка

"Хинди Руси бхай бхай": Россия и Индия готовят Западу "большой привет

Если спорт – это мир, то баскетбол – целая жизнь: президент РФБ Андрей Кириленко о карьере спортсмена, медийности и стратегических планах развития

Новости России

Свыше 1,2 тысячи летних кафе открыли в Подмосковье в этом сезоне

Более 12 млн раз проехали автомобилисты по платной трассе М-12 Восток

Бойцы подразделения Южной группировки войск поразили три склада ВСУ

Мосгорсуд оставил под стражей фигуранта дела бывшего кадровика Минобороны

Экология в России и мире

Жители Таганрога помогут сделать родной город чище

Dior, кутюрная коллекция осень-зима 2024

Туристов предупредили о распространении в популярной европейской стране двух смертельных инфекционных заболеваний: кровососущие клещи не щадят никого

Ледяная ловушка: доктор Кутушов рассказал про опасность мороженого в жаркую погоду

Спорт в России и мире

Анна Калинская впервые вошла в топ‑20 рейтинга WTA

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона

Хуркач о реванше со Зверевым: «В голове сидел тот матч в финале United Cup»

Теннисистка Анастасия Тихонова вышла в ½ финала квалификации Уимблдона

Moscow.media

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Полыхает....

Росгвардейцы обеспечивают охрану правопорядка во время празднования Дня России.

"Болотный перфекционизм"







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *