Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Апамды чачын кырып алып кетти". Кытайлык кыргыздын убайымы

Отуз жаштагы кытайлык кыргыз кыз Багым (жеке коопсуздугунан улам аты-жөнү өзгөртүлдү) Кызыл-Суу автоном облусунда туулуп-өскөн. Акыркы 11 жылдан бери Бишкекте жашайт. 2014-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Багымдын ата-энеси, агасы жана эки сиңдиси Кытайда калган. 2017-жылы кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы мусулмандарга куугунтугу башталгандан тарта каарманыбыз жакындары менен байланыша албай келет. Жакында эле агасы Бээжин “тарбиялоочу лагерь” деп сыпаттаган жайга камалганын уккан. Андан бери жакындарынан абалын биле албай убайым тартып турганы чагы.

“2017-жылга чейин апам менен азыноолак сүйлөшүп жаттык. Ошондо апам жашоо кыйындап кеткенин айтып ыйлаган. Мен эч жардам бере албасымды айтып тим болгом. Биздин үй-бүлөдө алгач агам лагерге кирди. Анткени ал эки жолу Кыргызстанга келип, ишкердик кылып көрүүнү ойлонуп, кайра кеткен. Ал жактан беш жыл түрмөгө кескен экен. Андан кийин "апамды үйдөн чачын кырып, кара баштык кийгизип алып кеткен" дешти. Муну Кытайдагы айрым тааныштардан укканыман улам айтып жатам. Андан кийин атам лагерге камалыптыр. Мен төрт бир туугандын улуусумун, үч кыз, бир эркек. Эки сиңдимден жети жылдан бери кабар жок. 2015-жылы Кытайга барганда көрүшкөм, андан кийин байланыша албай калдык. Апамдан сураганымда “жакшы жүрүшөт” деген".

Багымдын айтымында, Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар 2015-жылдын соңунда лагерлер, куугунтуктар жөнүндө байма-бай угуп, чочулай баштаган. Алар өз ара аракеттерди көрүү үчүн чогулуп, мамлекеттик органдарга жана президентке бир канча жолу кат жазып кайрылышкан. Бирок ал жактан бир дагы катка жооп алышкан эмес.

“Бул жактагы чогулган кытайлык кыргыздар Казакстанга чейин барып Америка, Европа өлкөлөрүнүн маасалык маалымат каражаттарына кат менен кайрылдык. Алар дароо реакция кылып бизди издеп келишип, маектерди видеолорду тартышты. Андан кийин Кыргызстада “Кырк чоро” деген топ этникалык кыргыздарга басымдын жасалышы боюнча митингге чыкты. Ошол окуялардан кийин кытай милициясы бул жактагылардын ар бирине байланышка чыгып, жакындарыбыз аман-соо экенин, кааласак алар менен сүйлөштүрөрүн айтышты. Ошондо мени 2019-жылы апам менен милиция кызматкерлери эки жолу сүйлөштүрдү. Апамдын мууну бошоп, “ыйлайын, ыйлайын” деп көп нерсени айта албай “баары жакшы” деп гана тим болду. Ары жакта милиция сүйлөшкөнүбүздү угуп турду да. Ошол үчүн эч нерсе айта алган жок”.

Багым айтып жаткан акция 2018-жылы декабрда Бишкекте өткөн. "Кыргыз чоролору" деп аталган коомдук бирикменин активисттери Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдына акцияга чыгып, Шинжаң аймагында "тарбиялоочу лагерлердеги" ар бир кыргыздын камалган себебин ачык айтууну суранып, элчиликке кат тапшырган.

  

Багымдын бир тууган жээнинин дагы үй-бүлөсүнөн 10 киши лагерге камалган. Жээни апасына жолукканы Кытайга барып, бир ай лагерде жатып чыккан. Ошондо ал Багымдын апасын лагерден көрүп, бирок сүйлөшө албаганын кайра келгенде айтып берген.

Каарманыбыз андан бери Шиңжанда абал жакшырды дегенге ишенбейт. Себеби Кыргызстандан окууга барган абысыны чыныгы кырдаалды айтып келген:

"Негизинен лагерь деген жөн жерден чыккан эмес. Бизге жеткен маалыматтарда мектептер лагерге айланып, дагы бир канчасы жер асты, үстү болуп курулган. Биз окуганда кыргыз, уйгур мектептери болсо азыр баары кытай мектебине айланган. Окуу кытай тилинде, жашоо образы дагы кытайча. 2016-жылдан бери ар бир этникалык үй-бүлөгө бирден кытай жаранын бир тууган кылып берүү чечими чыгыптыр. Ал жаран бир күнү кытай үйүндө бир күнү кыргыз, казак, уйгур үй-бүлөсүндө жашайт. Азыр Кытайдын биз колдонуп жүргөн Тик-Токко окшогон социалдык тармагы бар. Андан видеолордон кытайга турмушка чыккан кыргыз, уйгур кыздарын, көңүл ачуучу жайларда бирге тамактанып жаткан жарандарыбызды көрө баштадык. Болбосо мен Кызыл-Сууда канча жыл жашап бир дагы жолу кытайга аралашкан эмеспиз. Алардын жашоо образын биз деле силердей болуп сыналгыдан гана көрчүбүз. Кошуна болуп жашасак деле киришип-чыгышуу деген жок болчу”.

Багым учурда күйөөсү менен Бишкекте турат. Кытайдагы "тарбиялоочу лагерлер" тууралуу кабарлар мурдагыдай баймай-бай чыкпай калганы менен дале болсо коопсуздуктун айынан коркуу бар экенин жашырбайт.

Каарманыбыз мындай кырдаал Бишкекте иштеп, окуп жашап жаткан кытайлык кыргыздардын ынтымагына да таасирин тийгизгенин жашырбайт.

“Бизге азыр Кытайдан эч ким акча же башка нерсе жөнөтө албайт. Анын айынан жанын араң багып жүргөндөр көп. Аларга каралашайын десең өзүңдүн деле абалың жакшы эмес дегендей. Кытай бийлигине иштейт деп шек туудурган айрым адамдар бар. Алардын жашоолору акыркы жылдары аябай өзгөрдү. “Мадина” базарында соода кылышып, бири-бирин аңдып тийиштүү маалыматтарды айтып жүргөндөрү толтура. Анын ичинде кытайлык кыргыздар деле бар. Иштеп жүрүшөт. Жашаган жери, айдаган автоунаасы аябай кымбат. Жеке ишкерлик дагы кылып алышкан. Алар тууган-уругу менен каалагандай сүйлөшө алат. "Лагердеги туугандарыбызга кандай жардам кылабыз?"  деген кептер козголгондо ошол замат изин таптырбай качышат. Алар бул жакта кытайлык кыргыздар чогулуп кандай аракеттерди көрүп жатышат дегенге кулак түрүп эле жүрүшөт”.

Багым азыр үйдө отурат. Ал Кытайда абал өзгөрдү деген кептерди угат. Бирок Кызыл-Суу автоном облусуна бардым деген бир дагы кыргызды уга электигин айтып чочулайт.

“Барайын дейсиң, бирок кайра жакындарыңды ойлойсуң. Аларды кайра лагерге алып кирип кетип калсачы? Эми ачыгын айтканда, үмүт деген бар да. Үй-бүлөм аман-эсен, тирүү деп ишенем. Бирок бир дагы кабардын жоктугу кайра жаман ойлорго жетелейт. Барайын дейсиң, баралабайсың!” - деп Багым сөзүн жыйынтыктады.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагы жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери айтылып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт. Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Охота началась: Лондон ещё не понял, что его ждёт – Путин нашёл, чем ответить на «кузькину мать» США

Актера Игоря Меркулова похоронят на Николо-Архангельском кладбище

Роспотребнадзор предупредил москвичей о заболеваниях из-за опасных продуктов

Роспотребнадзор назвал продукты, вызвавшие ботулизм у москвичей

Музыкальные новости

Анна Asti и Дима Билан стали лучшими исполнителями по версии премии МУЗ-ТВ

Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе

РМК покинул Нагорный Карабах 12 июня - в День России

Свыше 40 мест для коллективных молитв в Курбан-байрам откроют в Подмосковье

Новости России

«Большая семерка» распорядится деньгами России

Смелый шаг: почему Россия поддержит вступление Турции в БРИКС

Россия подомнет под себя осколки Евросоюза: БРИКС становится стержнем многополярного мира

Роспотребнадзор предупредил москвичей о заболеваниях из-за опасных продуктов

Экология в России и мире

Завершилась первая цикловая встреча региональных руководителей компании AlfaBiom

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Новый ирригатор Revyline RL 610 Green Dragon уже в продаже в Норильске

Спорт в России и мире

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

«Ну и где здесь «группа смерти?» ATP показала, каким был бы Евро-2024 с теннисистами

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе

Moscow.media

Завершается устройство земляного полотна на дороге с мостом через Обь в районе Сургута

Heroje H288BW- портативный сканер штрих-кодов с интерфейсом Bluetooth

Храм Преображения Господня в Коммунарке

Жители Екатеринбурга в День России вывесили баннеры против точечной застройки







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *