Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз-казак чек арасында 500дөй фура топтолду. Кезектеги тыгындын себеби эмнеде?

Кыргыз-казак чек арасында 500дөй фура топтолду. Кезектеги тыгындын себеби эмнеде?

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекетинде кезек күткөн автоунаалардын саны 500гө чамалады. Айдоочулар үч күндөн бери кезек күтүп турганын жеринен "Азаттыкка" айтып беришти. Алар муну суу маселеси менен байланыштырып жатышат. Кыргыз жана казак коомчулугунда да ушундай пикирди кармангандар бар жана социалдык тармактарда ар кандай талаш-талкуулар күч алды.

Казак каржы министри Ерулан Жамаубаев жагдайды маңзатка каршы операция катары түшүндүрсө, Чек ара кызматы аталган өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок деген маалымат таратты. 

Эки тараптан тең суу маселеси негиз болгону тууралуу расмий сөз айтыла элек. 

Айдоочулардын нааразылыгы

Айдоочу Ихсар Токмоктон Орусияга сапар алып, үч күндөн бери Чүйдөгү Ак-Тилек өткөрмө бекетинде кезек күтүп турат.

“Күйүүчү майыбыз түгөндү. Азыр куюп жатабыз. Тамак-аш, суубуз калбады. Биз машина жана башка товар алып баратабыз. Күнүгө тамак-ашка 1500 сомдой тамак-ашка кетип атат. Эртең менен кичине жылдык, ошондон бери турабыз”.

Ихсарга окшоп кезек күткөн айдоочулардын саны жүздөп саналат.

“Бул жерде турганыма 2,5 сутка болуп калды. Эмне маселе болуп жатканын түшүнбөй турабыз, мамлекет аралык көйгөй болуп жатабы, белгисиз. Чиновниктер чече албай жатат окшойт, бул жакта карапайым адамдар күтүүгө аргасызбыз. Кээ бирлери рентген иштебей калыптыр деп жатат. Биз эмне билмек элек, жөнөкөй айдоочубуз да”, - деди дагы бир айдоочу Ильяз Сулайманов.

Ак-Тилек өткөрмө бекети аркылуу күнүгө Казакстан менен Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө чейин жүк ташыган жүздөгөн автоунаалар өтөт. Күнүмдүк керектелүүчү буюмдардан жана автоунаа ташыгандардан сырткары бат бузулуучу азыктарды жеткирген айдоочулар эселеп чыгым тартканын айтып жатышат. Мындай автоунааларда дайыма муздаткыч иштеп турат.

"Суу бербей койгону үчүн жабылды дешет"

Чек арадагы узун кезектин пайда болушун айрым айдоочулар суу маселеси менен байланыштырууда. Алардын бири Игорь мындай пикири менен бөлүштү:

“Кыргыз тараптын өткөрмө бекети жакшы иштеп жатат, аларга эч айып жок. Казакстан тараптыкы чынында иштеген жок. Кыргызстан суу бербей койгону үчүн ушундай болуп жатат деп атышат. Чынында эле Кыргызстанда суу жок да. Мындай маалымат эч бир маалымат каражаттарында айтылган жок. Казакстандын чек арачылары дайыма ушундай кылып келген. Эгер ушундай тыгындар болуп жатса, бизге Бажы биримдигинин эмне кереги бар. Казакстанга үч күндөн бери өтө албай турам”, - деп нааразы болду Игорь.

Биз менен сүйлөшкөн айдоочулар айрымдар ортомчулар аркылуу акча берип, түнкүсүн кезексиз өтүп жатканын айтып беришти.

Кыргыз-казак өкүлдөрү жолугушту, маселе чечилген жок

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы 21-августта 370тей, 22-августта 500гө жакын машине Казакстанга өтө албай, кезекте турганын билдирген. Бул маселеге байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушкан, бирок көйгөй чечилген эмес.

“Айрым көзөмөл өткөрүү пункттарында биздин казак кесиптештер менен жолугушууну уюштурдук. Анда казак тараптан "эч кандай чектөө жок, штаттык режимде иш алып барып жатабыз" деген жоопту алдык. Бирок биз "жай иштегенине байланыштуу Кыргызстан тарапта оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп атат "деп айттык. Азыр маселе чечилген жок. Бүгүнкү саат 12ге караганда “Ак-Тилек ” өткөрмө пунктунда биз тарапта 430га жакын оор жүк ташуучу автоунаа кезек күтүүдө”, - деди Чек ара кызматынын башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттерде тыгын байкала элек.

Казак тараптын жүйөсү 

Ал тапта Казакстандын маалымат каражаттары чек арадагы тыгын тууралуу кабар таратышты. Казак каржы министри Ерулан Жамаубаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, жагдайды маңзатка каршы операция менен байланыштырды:

“Менин билишимче, ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөн. Ушундан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатат. Мунун коммерциялык жүктөргө тиешеси жок”.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетиндеги абал тууралуу 22-августта кечке маал маалымат таратып,  эч кандай чектөө жок экенин билдирди. 

“Кандайдыр бир чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Текшерүү убактысынын регламенти тыкыр сакталууда. Автотранспортторду өткөрүү сезонго мүнөздүү суткалык көрсөткүчтөн ашкан жок. Анын ичинде казак-кыргыз чек арасында дагы”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон.

Бишкек буга Талас дарыясындагы жана андагы Киров суу сактагычындагы суунун аз болуп жатканын жүйө келтирген.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги суу жана эки өлкө ортосунда кол коюлган протоколго жана жадыбалга ылайык берилгенин жана кыргыз тарап милдеттенмелерин аткарганын кабарлады.

Аталган мекеме 22-августта Таластагы Киров суу сактагычында 14,5 млн. куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,1 млн. куб метрге аз экенин маалымдады.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун башчысы Улан Чортомбаев 21-августта Фейсбук аркылуу кайрылуу жасады:

“Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык. Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү акыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар кырылып жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле, бири-бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат", - деди ал.

Министрликтин басма сөз кызматы Чортомбаевдин билдирүүсүн анын жеке оюу катары сыпаттады.

Казакстан бир катар аймактары Кыргызстандагы Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан чыккан сугат суусун пайдаланат. Мындан сырткары Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынын суусу Өзбекстан аркылуу өтүп, Казакстандын түштүк аймактарындагы айдоо аянттары сугарылат.

Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө.

Бирок Кыргызстан аталган уюмга кирген 2015-жылдан бери чек арадагы тыгын маселеси чечилбей, Астана Кыргызстан аркылуу жүк ташыгандарга эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлар байма-бай болуп турат.

Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Бишкек чек арадан жүктөрдү алып өтүүдө ЕАЭБ шарттары аткарылбай жатканын айтып, нааразылык билдирген учурлар да болгон.

Буга чейин Казакстандын кирешелер боюнча мамлекеттик комитети кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүлөр аткезчилик жол менен өтчү товарлардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Российские школы нашли у себя «учеников-экстремистов» для отправки в лагеря. Их попросил об этом пранкер под видом властей

Экс-гауляйтер Луганщины: «Премьерша Италии – наша! Ультраправая дочь неонацистки!»

Жильцы дома в Протвине рассказали о тараканах из квартиры собирателя мусора

Аналитик Плотников: продления IT-ипотеки на 2025 год можно не ждать

Музыкальные новости

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

Почти 40 пар поучаствовали в турнире по конкуру на Кубок Гагарина в Щелкове

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Сергей Собянин: Активно укрепляем отношения с Китаем

Новости России

Конкурс прогнозов F1.D3.RU. Гран При Испании (десятый этап)

Художники из более чем 20 стран соберутся на фестивале «Традиции и Современность» в Москве

Воробьев: создание зимнего сада у «Крокуса» обсуждается с собственником

Подопечную Фонда друзей балтийской нерпы вернули в дикую природу

Экология в России и мире

Жена туриста, убитого электрическим током во время купания в джакузи на курорте, подала в суд прямо с больничной койки

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Фрукт с сюрпризом: доктор Кутушов рассказал, чем опасен съеденный червь

Доктор Кутушов: не стоит носить кроссовки в жару

Спорт в России и мире

Экс-теннисист Ольховский: россияне могут хорошо выступить на Уимблдоне

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже

Moscow.media

Прогулка по Москве 1962 года

На Азина рухнул расселенный дом

На одном из перекрестков Северного района Орла не разошлись мотоцикл и микроавтобус

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *