УТРКнын талкуу жараткан логосу алмашты
Улуттук телерадио корпорациясы медиа мекемеде ребрендинг башталганын социалдык тармактагы баракчасына 30-августта жарыялады. Анын алкагында каналдын буга чейин коомчулукта талкууга түшкөн логосу алмашканы белгилүү болду.
Корпорациянын карамагындагы дагы беш каналдын - “Маданият”, “Спорт”, “Ала-Тоо-24”, “Баластан”, “Музыканын” логотиптери алмашкан. Ошондой эле телеканалдын эфирлери 31-августтан тарта HD форматына чыга баштады.
Улуттук телерадио корпорациянын январь айында жаңыланган мурдагы логотиби коомчулукта сынга кабылган. “Политклиника” басылмасы улуттук каналдын логотибине фактчекинг жасап, ал Ооганстандын 1TV каналынан плагиат катары алынганын аныктап чыккан. Телеканалдын жетекчилиги муну четке кагып, лого сынактын негизинде тандалып алынганын айткан.
Коомчулуктагы талкуулардан кийин корпорациянын ошол эле логосунун айрым жерлери өзгөргөн.
Былтыр май айында Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, коомдук каналдын макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн. Былтыр декабрда президент телеканалдын 90 жылдыгына арналган иш-чарада УТРКнын бюджети 397 миллион сомдон, 664 миллионго өскөнүн билдирген.
УТРКнын карамагында алты телеканал жана үч радио - "Кыргыз радиосу", Биринчи радио жана "Миң кыял ФМ" бар.