"Барселона" клубунун легендалары Кыргызстанда
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-9ac2-08dba9eae141_w800_h450.jpg)
30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” клубунун мурдагы оюнчулары жана Борбор Азиянын ардагер футболчулары ортосунда беттеш өттү. Ал 3:0 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады. Мунун алдында “Барселона" легендалары Жалал-Абад шаарындагы футбол академиясынын ачылышына катышып, жаш футболчулар менен ойноп, машыгууларды өткөрдү. Кыргызстанга клубдун президенти Жоан Лапорта да келди.