Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Нан алганы Ашхабадга барабыз". Түркмөнстандагы тамак-аш тартыштыгы

Түркмөнстанда Ашхабадга жакын жерде жайгашкан Ахал аймагынын тургундары нан жана ун сатып алуу үчүн баш калаага чейин барууга аргасыз. Буга айылдарды ун менен камсыздоонун начарлашы себеп болгон.

Түркмөнстан Орусиядан ун импорттоону көбөйткөнү кабарланганы менен, дан азыктары дагы деле жетишсиз. Ошондой эле Ашхабадда соңку күндөрү айрым азык-түлүктөрдүн, анын ичинен жашылча-жемиштердин баасы эки эсе кымбаттаганы байкалууда.

"Ким эрте барса, ошол алып кетет"

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын аймактагы журналисттери Ахал велаятынын айыл жерлеринде, ошондой эле баш калаа Ашхабадда ун жана нан менен камсыздоонун соңку абалынан кабар алышты.

Алардын айтымында, шаарларда ун менен нанды жеңилдетилген баада мамлекеттик дүкөндөр аркылуу сатуу айыл жергесине караганда бир аз жакшыраак уюштурулган. Андыктан Түркмөнстандын борборуна жакын жерде жайгашкан Ахал вилаятынын жашоочулары ун жана нан алыш үчүн Ашхабадга агылып барып атканы байкалган.

Бул аймакта мамлекеттик дүкөндөр ар бир үй-бүлөгө ай сайын бир жолу 10 килограмм унду жана чектелген санда нанды арзандатылган баада сатат.

"Албетте, бул нан баарына жетпейт. Нан алганы айылдан Ашхабадга барабыз. Ким эрте барып жетишсе, ошол алып кетет ", - дейт Ахалдын тургундарынын бири. 

Ашхабад шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары да жеңилдетилген баада сатып алган ундун сапаты өтө начар экенин айтышууда. Айрымдары сапатсыз ундан жасалган нанды жегенге болбойт дешип, аны малга берип, Ашхабадга нан, ун сатып алуу үчүн барышат. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр сапатсыз ундан жасалган нанга кайыл болуудан башка айласы жок.

Айыл тургундары жергиликтүү бийлик органдарына элди сапаттуу ун менен камсыз кылуу өтүнүчү менен утур-утуру кайрылып жатышканын айтышат.

"Даттануулар жана кайрылуулар натыйжасыз бойдон калууда, аларды эч ким карабайт, жооп да бербейт. Ошондуктан эл өзү жол издеп жатат", - дейт айыл тургуну.

"Азаттык" менен байланышкан өздүк булактар Ашхабадга чектеш айылдардын айрым тургундары борбор калаанын дүкөндөрүнөн бир мүшөк унду 150-200 манаттан (56-57 доллар) тымызын сатып алууга мажбур экенин айтышууда.

Белгилей кетсек, июль айында Түркмөнстандын Дашөгүз облусуна караштуу Гөроглы районунда арзандатылган ун үчүн кезек талашта бир аял каза болгон. Маалыматка караганда, окуя 14-июлда район борборунан үч чакырым алыстыкта жайгашкан айылда болгон.

Сатуучу алып келген ун абдан аз экенин, баарына жетпей турганын айтканда, кезекте тургандар дүкөнгө жабылышкан. Кезек сакталбай, жаңжал чыккан. Ун талашкандар мушташып жатканда алты балалуу эне тепкичтен жыгылып, башы менен катуу тийген да, ошол жерде көз жумган.

Аткарылбаган план, эгин эгүү өнөктүгү  

Бул таңкыстыктын шартында түркмөн өкмөтү 6-сентябрда өлкө боюнча күздүк буудай эгүү өнөктүгү башталганын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.

"Алтын асыр" телеканалынын бул өнөктүк тууралуу сюжетинде аптапта айдоо талаада катарынан тизилген аксакалдар дыйкандарга батасын берип, президент Сердар Бердымухамедовго алкыш сөздөрүн айтышты.

"Президент Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасын аткарып, түркмөн дыйкандары жооптуу өнөктүккө өзгөчө кылдаттык менен даярданышып, келерки жылдын түшүмү үчүн белгиленген айыл чарба жерлерин өз убагында айдап, жер семирткичтерди чачышты", - деп айтылат "Алтын асыр" агенттиги тараткан маалыматта.

Деген менен Түркмөнстандын өкмөтү өткөн жылдардан айырмаланып, быйыл буудайдын түшүмүн даярдоонун мамлекеттик планын аткарган жок. Өлкө быйыл 1 миллион 400 миң тонна буудай жыйноону пландаган болчу.

Ал арада Түркмөнстан Орусиядан ун экспортун көбөйткөнү кабарланды. 2022-жылдын 1-июлунан 2023-жылдын 1-июлуна чейин Түркмөнстан Орусиядан 54 миң тонна ун сатып алганын 4-сентябрда "Тренд" агенттиги билдирди.

Ушул жылдын башында мамлекеттик басылмалар Түркмөнстан 2022-жылы Орусиядан эң көп ун импорттогон алдыңкы беш өлкөнүн катарына киргенин кабарлашкан. Маалыматта былтыр Түркмөнстан Орусиядан ун импорттоону 4,5 эсеге көбөйтүп, жалпы көлөмүн 43 тоннага чыгарганы айтылат.

Август айынын аягында "Азаттыктын" кабарчылары мамлекеттик дүкөндөрдөн эл жеңилдетилген баадагы ундан тышкары сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатып алууга аргасыз болуп жатканын да айтып чыгышкан.

Ашхабадда азык-түлүк кымбаттады

Ал арада Ашхабадда акыркы бир нече күндө айрым азык-түлүктөрдүн, анын ичинен жашылча-жемиштердин баасы эки эсе кымбаттады.

Алсак, баш калаанын базарларында бир нече күн мурун 3-5 манаттан турган сабиздин баасы 7-8 манатка, айрым кичи райондордо 10 манатка чейин көтөрүлгөн. Капустанын килограммы 4-5 манаттан 7 манатка, бадыраң 4 манаттан 6-8 манатка чейин кымбаттады.

Баалардын кескин кымбатташына эмне себеп болгону белгисиз.

"Айрымдар мунун себеби айлык акынын төлөнүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн, баалар демейде көтөрүлөт, бирок кайра арзандашы керек деп айтып жатышат”, - дейт Ашхабад шаарынын тургуну.

Көгүлтүр отунга бай, авторитардык өлкө соңку жылдары жакырчылык жана экономикалык кыйынчылыктарга туш болду. Узакка созулган экономикалык кризис жарандарды тиричилик кылуу үчүн башка өлкөлөргө кетүүгө мажбурлап жатат.

Бирок барган сайын өлкөдөн чыгып кетүү кыйындап, чыгымы да өсүп баратат. Себеби түркмөн бийлиги миграцияны өлкөнүн коопсуздугу үчүн түз коркунуч деп эсептейт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Экс-прокурор, который рассказывал, как уберечь свои деньги, перевел мошенникам все свои накопления

Житель Люберец помог задержать насильника, набросившегося женщину в лесополосе

В Дубне идут работы по подготовке капремонта на улице Калинина

В лесах Подмосковья выполнены работы по осветлению молодняка

Музыкальные новости

Путин наградил погибших в Дагестане протоиерея Котельникова и охранника Вавилина

Сборная России по пляжному самбо готовится к Чемпионату Мира в Касабланке

Запад в истерике: как Путин посетил Вьетнам и Северную Корею

ФоРГО: лидерами по экономическому потенциалу в России стали Москва и ХМАО

Новости России

Развожаев: в больницах Севастополя остались 47 пострадавших при ракетной атаке

В Дубне идут работы по подготовке капремонта на улице Калинина

В Подмосковье началась выставка пейзажей из собрания Русского музея

В лесах Подмосковья выполнены работы по осветлению молодняка

Экология в России и мире

Команда Сервисного локомотивного депо «Сольвычегодск» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» стала победителем эстафеты ГТО железнодорожных игр «Мы вместе»

Самой популярной солнцезащитной оптикой в Махачкале стали очки бренда Polaroid

Dior, кутюрная коллекция осень-зима 2024

В Татарстане прошла встреча 125 дилеров нижнекамского шинного производителя

Спорт в России и мире

Путинцева в Бирмингеме завоевала третий титул WTA в карьере

Дарья Касаткина с уверенной победы стартовала на травяном турнире в Истбурне

Россия — первая по теннисным отказникам! Почему сразу девять наших сказали «нет» Олимпиаде в Париже

Юлия Путинцева выиграла турнир в Бирмингеме

Moscow.media

Трекер StarLine для владельцев парка такси

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве

"Болотный перфекционизм"

Организованных тургруп из Новосибирска в Крыму нет







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *