"Мончодо күн кечирип жатабыз". Атайын операцияда кыйраган үй
Быйыл майда күч органдары Ысык-Атанын Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында террорчу жок кылынганы кабарланган. Бирок дал ушул операция маалында Дмитриевканын тургуну Айнагүл Мусаеванын үйү толугу менен күйүп кеткен.