"Жан дүйнөм мекенге кабатыр". Көлөкөдөгү турмуш
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-8ceb-08dbad3736d4_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун "Эмен багы" көргөзмө залында фотосүрөтчү Алимжан Жоробаевдин “60° көлөкөдө” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Жоробаевдин өлкөнүн эгемендүүлүк жылдардагы оош-кыйыш турмушу чагылдырылган 60 эмгеги коюлду. Көрүүчүнү ойго салган кадрлар камтылган көргөзмө 30-сентябрга чейин уланат жана кирүү акысыз.