«Клооп» сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды
Кыргызстанда "Клооп" басылмасынын сайты айрым провайдерлер аркылуу ачылбай калды. Басылма 13-сентябрда бул тууралуу маалымдап, "бир катар интернет провайдер «фейктер жөнүндөгү" мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн «Клооптун» сайтын бөгөттөгөнүн жазды. Алардын катарында «О!» уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бардыгын билдирди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.
12-сентябрда «Клооп» сайтына макала өчүрүлбөй турганын белгилеп, "Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт” деген макала жарыяланды. “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт” деп жазылган.
Медиа коомчулук прокурордун мындай кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү. (RK)