Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Октябрда пенсия жогорулайт. Пенсионерлер канча сом алып калат?

Октябрда пенсия жогорулайт. Пенсионерлер канча сом алып калат?

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөрүн өлкөнүн Социалдык фонду кабарлады. Маалыматка ылайык, эс алууга чыккандардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулайт. Бул канча каражатты түзүшү мүмкүн?

Кыргызстанда октябрдан тарта пенсиянын камсызданыруу бөлүгү көбөйөрүн өлкө бийлиги ушул аптада жарыялады. Бул жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, өлкөдөгү 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйөт. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралды. Пенсия көтөрүлөрү кабарлангандан бери кимге канча сом кошулат деген суроолор утур-утур берилүүдө.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 15-сентябрда маалымат жыйынындагы сөзүнө караганда, пенсия  аталган мекемеге чогулган акчанын эсебинен көтөрүлөт:

"Былтыр мамлекеттен берилген акча 1780 сом болчу. Аны 3170 сомго чейин чыгардык, базалык бөлүктөгү бул сумманы толугу менен мамлекет камсыздап берген. Бул үчүн мамлекеттен 15 миллиард сомго жакын акча бөлүнгөн.  Быйылкы жыл камсыздандыруу бөлүгүн эле 38% көтөрүп жатабыз. Бул сумманын баары тең пенсиялык фонддун, башкача айтканда Соцфонддун акчасы". 

 

Адегенде Алиев айтып жаткан пенсиянын базалык бөлүгү жана камсыздандыруу бөлүгү кайсылар экенин түшүндүрө кетели. Базалык бөлүк - бул жылына мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча. Ал бардык пенсия алгандар үчүн бирдей сумма менен айына ар бир пенсионерге 3170 сомдон берилип турат. Ошондой эле пенсиянын көлөмүнө жараша 250 сомду мамлекет электр энергия үчүн төлөп берет. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү болсо - бул жарандардын Социалдык фонд үчүн айлыгынан кармалат.

Жарандын канчалык тажрыйбасы же алган айлыгы көп болсо, ошончо көп акча топтолот. Жыйынтыгында пенсияга чыкканда камсыздандыруу бөлүгү көп чогулган жарандын пенсиясы да жогору болот.

Демек, ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын дал ушул камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулайт.

Мисалы, буга чейин 6000 сомдук пенсиянын 3170 сому базалык бөлүк болсо, 250 сому - электр энергиясы үчүн бөлүнгөн акча. Калган 2580 сому - камсыздандыруу бөлүгүндөгү акча.

Эми ушул 2580 сом 38% жогорулаганда, 980 сом кошулат. Ошондо 6000 сом пенсия алган жаран 6980 сом алып калат. Жалпысынан, пенсиянын көлөмүнө 500 сомдон кем эмес акча кошулат деп ишендирип жатышат.

Ошондой эле бул жогорулатуулар ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан жарандарга да тиешелүү, бирок 3-топтогу майыптардын иштеген иши болсо, 19% чейин көтөрүлөт.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөндөн кийин Соцфондго түшкөн акчалар көбөйгөн.

Ошондой эле жеке сектордо иштегендерден да көбүрөөк акча түшө баштаган. Бул акчалар пенсиянын көлөмүн көтөрүүгө мүмкүндүк берди дейт.

"2021-жылы биздин бюджетибиз 2 миллиард сом профицит менен чыккан эле. 2022-жылы 10 миллиард сом профицит болгон. Быйыл план боюнча 13 миллиард профицит менен чыгабыз. Жалпысынан, 30 миллиардга жакын акчабыз бар. Быйылкы пенсия жогорулагандан кийин толугу менен үзгүлтүксүз төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди Бактияр Алиев.

Деген менен пенсиянын жогорулашы 30 миң сомдон ашык пенсия алгандарга тиешеси жок. 30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси каралып, кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсеби жүргүзүлүп жатканы кабарланды. 30 миң сомдон ашык пенсия алгандардын саны өлкөдө 3 миңге жакын.

Соцфонддун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган акчасы жашоо минимумунан төмөн. Ал эми пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6813 сомду түзөт.

Бул 100 миңден ашык пенсионер 6813 сомго жетпеген пенсия алышат дегенди билдирет.

Алардын бири Кант шаарынын тургуну Рабия Валиева 4000 сомдой пенсия алат.  

"Мурда 3500 сом алчумун, анан 4200 болуптур. Эми 500 кошулса, 4700 сом болот. Ал акчага эч нерсе келбейт. Энергиянын акчасын берем, ал бери дегенде 1000 сомго чейин келет. Ун алсам, картөшкө ала албайм, картөшкө алсам, май ала албайм. Отурам эми кийинки айды күтүп, ошол кантип акча болсун? Менин тажрыйбам жетиштүү, бирок эмнеге мынчалык аз болуп жатканын билбей жатам".

Маалыматка караганда, пенсия көтөрүлгөндөн кийин Кыргызстандагы орточо пенсиянын көлөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу 1692 сомго жогорулайт.

Пенсиялык система боюнча эксперт Жамийла Тогузбаева буга чейин пенсия мынчалык деңгээлде көтөрүлө элек болчу дейт:

"Мен Соцфонд системасында 20 жыл иштеп жүрүп, мынчалык көбөйгөнүн көрө элек элем. Дайыма 10-15% көтөрүлчү. Жалпысынан пенсиянын көлөмү аз болуп жаткандыктан, жыл сайын ушинтип көтөрүп турса жакшы болот. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү көтөрүлгөнү деле жакшы".

Кыргызстандын 2021-жылы 5-майда кабыл алынган Баш мыйзамында эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган. Бул берене Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, аны аткарбаганы үчүн өкмөт кызматтан кетиши керек деген сунуш да берилген.

Кийин Конституциялык сот социалдык төлөмдөр боюнча беренени өкмөттүн сунушу менен талкуулап, Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганын, “ал максат гана болгон” деп чечмелеп берген.

Мындан улам Социалдык фонд мыйзам долбоорун даярдап жатканын, ал кабыл алынса, пенсия жашоо минимумуна жакындай турганын айтууда.

2023-жылдын 1-кварталына карай өлкөдөгү жашоо минимуму 7500 сомду түзөт.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки өлчөмдө пенсия алат.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Экс-мундепа из Москвы Кетеван Хараидзе отпустили из СИЗО под домашний арест

Девушка-пешеход погибла на нерегулируемом переходе на юго-востоке Москвы

Победителя молодежного первенства по футболу определят в Видном в октябре

В ЖК «Домодедово парк» в школе на 825 мест приступили к сборке мебели

Музыкальные новости

В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

«Волшебные башмачки Элли» - эта постановка создана по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети

В Бурчтии в театре кукол «Ульгэр» 14-16 июня пройдут «Волшебные выходные»! - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети

Новости России

Ушла из жизни муза Феллини Анук Эме

Победителя молодежного первенства по футболу определят в Видном в октябре

Депутат Госдумы требует от МВД и детского омбудсмена проверить ООО «Комфорт Плюс» (Project Group)

Девушка-пешеход погибла на нерегулируемом переходе на юго-востоке Москвы

Экология в России и мире

Зубные щетки Revyline Perfect DUO и зубная паста Organic Detox против кариеса в Назрани

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Кинопродюсер.

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

Спорт в России и мире

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине

Людмила Самсонова не отдала голландскую траву // Она продолжила серию российских побед на теннисном турнире в Хертогенбосе

Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосхе

Moscow.media

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *