World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израилде ХАМАС менен кармаш уланууда. Окуянын хроникасы

Израилде согуштук абал расмий жарыяланды. 7-октябрдын таңында палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди жапырт аткылай баштаган. Ондогон аскерлер жана жай тургундар каза таап, айрымдары барымтага алынып, жарадар болду. Израилдин армиясы "Темир кылыч" деп аталган операцияны баштап, Газа секторуна абадан сокку урууда.


ХАМАСтын мүчөлөрү Израилдин шаарларына кирип келген. Азырынча шаарлардын бирин да израилдик армия өзүнө толук кайтарып ала элек.


Аймакта мындан туура 50 жыл мурда, 1973-жылы дал ушул күнү да катуу согуш болгон.


19:50 - Израилдин энергетика министри Газа секторуна электр энергиясын токтоткон токтомго кол койду. 


19:45 - ХАМАСтын өкүлдөрү туткунга "ондогон"  израилдик аскерлер алынганын жарыялады. Барымтада жаткан жай тургундар тууралуу маалымат берилген жок. ХАМАСтын саясий кеңешинин башчысы Исмаил Хания израилдик түрмөлөрдө жаткан палестиндерди бошотуу үчүн Израилге күтүүсүз кол салышканын билдирди. Израилдин түрмөлөрүндө учурда топтун 7 миңдей мүчөсү кармалып турганы кабарланууда.


18:45 - Израилдин абадан коргонуу күчтөрү Газанын борборундагы эки бийик имаратка сокку урду. Аскер аба күчтөрүнүн билдиришинче, анда ХАМАС тобунун инфраструктурасы болгон. Мындан тышкары "Палестина"(Palestine Tower) мунарасы бузулган. Израил ХАМАСтын жетекчилигин аскердик объекттерди эл жыш аймактарга жайгаштырганы үчүн айыптады.




18:20 - Израилдин армиясы ХАМАС кол салганга байланыштуу "резервдеги жүздөгөн адам" аскерге чакырылганын билдирди. Армиянын өкүлү Израилге каршы башка күчтөргө чыр-чатакка кийлигишкен учурда катуу жооп болорун эскертти. 


Ливандагы шииттердин  "Хезболла" радикалдык тобу буга чейин ХАМАСка колдоо билдирип, эгер Газа секторунда операция баштай турган болсо Израилге чабуул коерун билдирген. Израил менен Ливандын чек арасында күн бою атышуулар болгону менен ири масштабдуу аскердик аракеттер тууралуу айтылган жок. ХАМАСка колдоосун Йеменде бийликти басып алган Иранга жакын күчтөр жана Ооганстандагы радикалдык "Талибан" кыймылы да билдирди. 


18:10 - Израилдин коргонуу армиясы ХАМАС түштүк райондорго кол салып, жай тургундарды жана аскерлерди туткунга алганын расмий ырастады. Туткунга түшкөндөрдүн так саны айтылган жок. Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари армия өлкө аймагын бузуп кирген палестин жоочулары менен кармашта жоготууга учураганын билдирди.


Израил армиясы андан тышкары "Меркава" танкын жана бир катар аскердик техникасын жоготкон. Муну палестин тарап тараткан видеодон көрүүгө болот. Эки танкты палестиндер курчоого алган.


ХАМАСТын жоочулары ээлеп алган бардык калктуу пункттарга израилдик армия киргени расмий кабарланды. Бирок ал конуштар бошотулганы тууралуу маалымат жок. Газа сектору менен чектеш аймакка төрт дивизия барганы кабарланды.


17:05 - ХАМАСтын лидерлеринин бири Салех аль-Арури топ бир канча израилдик аскерди колго түшүргөнүн, аларды Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган палестиндик туткундарга айырбаштоону карап атышканын билдирди. Социалдык тармактарда палестиндердин барымтасында калган израилдик бир канча аскерлер жана жай тургундар тартылган видеолор тарады. ЖМКнын маалыматында Израилдин түштүгүндө ХАМАС жергиликтүү тургундарды дагы деле барымтада кармап турат.


17:00 - ХАМАСтын Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Израилдин соккусунан өлгөн палестиндердин саны 198ге жетти. 1600дөй адам жарадар. Алардын канчасы куралдуу топтун мүчөсү, канчасы жай тургун экени кабарланган жок.


16:55 - Израилде ХАМАСтын кол салуусунан өлгөндөрдүн саны 100 адамга жеткенин Globes кабарлады.


15:50 - Израилдин түштүгүндөгү Газа менен чектеш калктуу конуштарда аскердик аракеттер жүрүп жатат. Үйлөрдө электр жарыгы өчүп, мобилдик байланыш үзгүлтүккө учурады. Жергиликтүү жашоочулар таза суу түгөнгөнүн айтышууда.


14:50 - Америка Кошмо Штаттары Израилдеги жай тургундарды терроризмден коргоо үчүн бардык шарттар менен камсыздоого аракет кылат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин билдиргенин Reuters жазды.


14:20 - Акыркы маалымат боюнча Израилде 40тан ашуун адам каза тапты.


800гө жакыны жараат алды. Барымтага канча адам алынганы тууралуу азырынча маалымат жок. Каза болгондордун, анын ичинде израилдик аскерлердин сөөгү да барымтагаалынган.


Газанын Саламаттык сактоо министрлиги өз кезегинде ЦАХАЛдын соккусунан сектордо 160тай адам каза таап, 930у жарадар болгонун билдирди.


13:50 – Дүйнө ХАМАСтын Израилге кол салуусуна кабатыр. Батыш лидерлери Израилге тилектештик билдиришти. Иран менен Сирия палестиндерди колдоду.


13:15 – Иран Израилдеги кырдаалга комментарий берди. Тегеран палестин топторун колдорун Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси, генерал Рахим Сафави жарыялады.


13:10 – ХАМАС израилдик бригаданын командири Нимрод Алони туткунга түшкөнүн билдирди. Маалымат расмий ырастала элек.


12:55 – Сауд Арабиясынын ТИМи израилдиктер менен палестиндиктерди чыр-чатакты тезинен токтотуп, эскалацияны күчөтпөөгө чакырды. Мекеменин билдирүүсүндө өлкө кырдаалга көз салып турганы айтылган.


12:47 - Израилдеги ири электростанция талкаланды.


Израилдик Телеграм-каналдар Жер ортолук деңиздин боюндагы Rutenberg электростанциясына Газа тараптан атылган ракета тийгенин билдиришти.




Ал эми бул видеодон ХАМАСтын дрону израилдик Merkava танкына чабуул койгонун көрүүгө болот.





12:30 - Алдын ала маалыматта ХАМАС жана "Ислам жихады" тобунун бир канча куралдуу адамдары Израилдин аймагында жүрөт. Кармаш уланууда. Алдын ала маалыматта жихадчылар Сдероттон чыгышканы менен бир канча калктуу аймактарда кала берүүдө.


12:10 - Аскердик аракет башталгандан тарта ооруканага 545 израилдик жаран жеткирилди, алардын 70нин абалы оор экенин Kan радиосу билдирди.


11:45 – 22 израилдик өлкө түндүгүндөгү аскердик аракет маалында каза болду. Бул тууралуу Magen David Adom тез жардам кызматы билдиргенин Globes жазды. Тез жардам кызматы мындан тышкары бейтаптардын жарымын түштүктөн өлкө борборун карай ташып атканы маалым болду.






11:40 – Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас палестин эли "баскынчы күчтөрдөн" өзүн коргоого укуктуу экенин айтканын Reuters агенттиги билдирди.


11:10 – Израилдин мамлекеттик ЖМКсы армия жетекчилиги аскерлерди жана техниканы өлкө түштүгүнө тарта баштаганын билдирди.


10.40 – "Биз согуш абалында турабыз жана биз жеңебиз" деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Бул тууралуу мамлекеттик Kan радиосу билдирди.


10.36 – Газада израилдик туткундарды салып бараткан автоунаа тартылган дагы бир видео тарады.


10:20 – Евробиримдик Израилге тилектештик билдирди.





10:16 – Израилдик ЖМКлар Иерусалим жапырт аткылоого кабылганын кабарлашты.


10:00 – Израилдин жергиликтүү бийлигинин өкүлү өлтүрүлдү.


ХАМАС менен атышуу маалында аймактык кеңештин башчысы Шаар-ха-Негев Офир Либштейн окко учкан. Гдерот районуна түшкөн ракетадан 60 жаштагы аял каза болгон. Бедуиндердин Кусейфе кыштагынын мэри төрт тургун атышуу маалында өлгөнүн билдирди. Израилдеги ооруканалардын акыркы билдирүүсүндө жүздөй адам жарадар болгон. Айрымдарынын абалы оор.


09:30 – Израилдин Коргоо министрлиги кайрылуу жасады. Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант биринчи расмий кайрылуусунда "ХАМАС Израилге кол салып, олуттуу ката кетирди" деп билдирди.




09:00 –Социалдык тармактарда атышуунун үндөрү чыгып, качып бараткан адамдар тартылган видеолор жарыяланды. Алардын көбү өлкө түштүгүндөгү фестивалга келип, лагерге жайгашкандар экени айтылууда. Социалдык тармактын колдонуучулары лагерге куралчан палестиндер кол салганын билдиришүүдө.




08:40 – Израил армиясы "согушка даярдык абалын жарыялады".


Коргоо министри Йоав Галлант армияга резервдегилерди чакырууну кубаттап, Газа тилкесинен 80 чакырымдык радиуста өзгөчө кырдаал жарыялады. Ага Тель-Авив шаары да кирет. Бул статус аскерлерге жарандардын чогулуусун чектөөгө жана районду жабууга мүмкүндүк берет.


ХАМАСтын лидеринин сөзүндө Израилдин аймагына карай 5 миң ракета атылды. Топ бул аракетин Израилдин аскер жетекчилигинин "Иерусалимдеги Ал-Акса мечитин мазактаганы үчүн өч алуу" катары түшүндүрдү.


Сирена бир канча шаарда жаңырып, Тель-Авивдеги имаратка ракета түшкөнү кабарланды.




Израил армиясынын пресс-катчысынын айтымында, ХАМАС тобунун жоочулары Израилге кургактан, деңизден жана абадан сокку урган. Учурда жети аймакта кармаш жүрүүдө.


07:30 – ХАМАС радикалдык тобунун мүчөлөрү Газа сектору менен чектеш калктуу аймактарга кирип келди. Бир канча адам каза тапты.


Ырастала элек маалыматта жети адам каза болгону айтылды. Видеолордун биринде пикаптагы адамдар полициянын автоунаасын аткылап атканын көрүүгө болот.




ХАМАС израилдик аскерлерди Газа алып кеткени тууралуу видео жарыялады. Израилдик армия буга комментарий берген жок.


 

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Михаил Тройник, Дмитрий Власкин, Михаил Тарабукин на съемках сериала «Солдатская мать»

22 сентября состоится ежегодная Профессиональная Премия в области игропрактики «Хрустальный кубик»

Василий Анохин приглашает смолян принять участие в молодёжном форуме «Свой код»

Сотрудники региональных музеев прошли курсы повышения квалификации в Музее Победы

Музыкальные новости

«Отряд не заметил потери бойца»: Лоза прокомментировал закрытие Comedy Club

Эксперты назвали способ отремонтировать технику LG в условиях санкций

Новая пассия Аршавина засветила помолвочное кольцо

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» продлит контракт с Максименко

Новости России

Защитник «Спартака» Абена: «Я полностью красно-белый. С самого начала очень рад быть здесь»

“Даже не интересуются”, – 78-летний Геннадий Хазанов с упреком обратился к москвичам в важный день

Стоимость новостроек в Москве начала снижаться

Россияне определились с самыми популярными курортами страны для осеннего отдыха с детьми

Экология в России и мире

Международный день безопасности пациентов

8 и 9 октября в Петербурге выступит Большой симфонический оркестр имени П.И. Чайковского

Свыше трёх тысяч зависимых в Свердловской области уже приняли решение избавиться от смертельной привычки

N°21, коллекция весна-лето 2025

Спорт в России и мире

Теннисистка Камилла Рахимова поднялась на 73-е место в рейтинге WTA

Карен Хачанов проиграл 124-й ракетке мира во втором круге турнира в Ханчжоу

Россиянин Алибек Качмазов вышел в основную сетку турнира ATP-250 в Чэнду

51 год назад прошла «Битва полов» между Билли Джин Кинг и Бобби Риггсом

Moscow.media

Солнечный денёк...

Axenix будет автоматизировать управление производством с помощью решения Exeplant

«Аэродиск» реализовал поддержку группового управления ресурсами для эффективного выделения емкости СХД

Соцфонд проиндексирует пенсии работающим пенсионерам в феврале







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *