Францияда бычак менен мектепке кол салган киши кармалды
![Францияда бычак менен мектепке кол салган киши кармалды](https://gdb.rferl.org/11910b09-2407-4943-8824-0242dd87967e_w800_h450.jpg)
Франциянын түндүгүндөгү Арсар шаарында 13-октябрда бычак менен мектепке кол салган адам кармалды.
Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Жеральд Дарманен билдирди.
Кол салуунун жыйынтыгында бир мугалим мүрт кетип, бир нече киши жараат алганы кабарланууда.
Француз маалымат каражаттары Ички иштер министрлигиндеги булактарына таянып шектүү "20 жаштагы чечен тектүү жигит экенин" жазышты.
Окуя түшкү саат 11 чамасында болгон. BFM TV телеканалы кабарлагандай, кол салаар алдында шектүү "Аллах Акбар" деп кыйкырган.
Lе Figaro басылмасы кол салган жигит мурда ушул мектепте окуп кеткенин жазды. Башка бир мектептин жанынан анын агасы да кармалганы маалым болду.