Аксы: Мал уурдоону ким тыят?
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында мал уурулук күч алганын жергиликтүүлөр айтып даттанды. Мундуз, Токтогул айылдарында бир айда 30 баштан ашуун мал-жандык жоголгон. Айылдыктар уурунун артынан түшүп таап, милицияга өткөрүп берген.