Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди
![Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-e30d-08dbd44747bd_cx0_cy35_cw0_w800_h450.jpg)
Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка - Төө-Ашуу постунда жүк ташыган автоунаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, азырка тапта Бишкек - Ош жолунда кар жаап, 124-136-чакырым аралыгы тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.
Кыргыз гидромет борбору 31-октябрь - 2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрө турганын эскерткен. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. (КЕ)