Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жунушалиев кайрадан мэр болду. Бишкектин көйгөйү чечилеби?

Жунушалиев кайрадан мэр болду. Бишкектин көйгөйү чечилеби?

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматынан алынып, анын ордуна Айбек Жунушалиев келди. Жунушалиев буга чейин да Бишкек шаарын башкарып кеткен.

Президенттик аппарат Абдыкадыров “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду” деп кабарлады. Бирок азырынча кайсы кызматка өткөнү айтыла элек.

Эмилбек Абдыкадыровду коштогон сын жана мактоо

Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Эки жылга жакын иштеген мэр Абдыкадыровдун калаадагы таштанды, коомдук транспорт, ыш маселелери боюнча кескин сынга кабылган учурлары болду.

2022-жылы август айында шаарда таштанды маселеси курчуп, социалдык тармактарда “мэр кетсин” деген талаптар айтылган. Ошол эле жылы 15-декабрда парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобу шаардагы таштанды, транспорт, түтүн көйгөйү чечилбей жатканын айтып, Абдыкадыровду кызматтан алуу демилгесин көтөргөн.

Ошол учурда Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетүү ниети жок экенин, пландарын ишке ашыруу үчүн жок деген үч жылдан беш жылга чейин убакыт керектигин билдирген.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов анын ишмердигине мындай баа берди:

“Мектептер боюнча жакшы иштерди аткарып кетти. Кыска мөөнөттүн ичинде мектеп, бала бакчаларды бүтүрдү. Андан сырткары тротуарлар боюнча иштер жүрүп жатат. 2022-жылы таштанды, “Тазалык” ишканасы боюнча сын-пикир көп айтылды. Бирок, менин пикиримде, глобалдык иштер баштала элек. Алардын бири - коомдук транспорт. Азыркы келген мэрге ушул иштерди алып барса деп сунуштайм”, - деди Аматов.

64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров мэрлик кызматка чейин ишкер болгону белгилүү. Ал “Нур Строй Монтаж”, “ЭлитТауэрс” деген курулуш компанияларын, “Кереге проект”, “Алма”, “Сары-Таш”, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ишканаларын түптөгөн. 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Жакында эле factcheck.kg сайты Абдыкадыровго таандык делген компания Бишкектеги Карылар үйүнүн аймагына мыйзамсыз үй куруп жатканын жазып чыккан.

2022-жылдын июль айында ошол кездеги Курулуш мамлекеттик агенттиги Бишкектеги мыйзамсыз берилген жер аянттары жана башаламан курулуштар үчүн мэриянын жетекчилигин айыптаган. Мэрия дооматтарды четке каккан.

Экинчи жолу мэр болгон Айбек Жунушалиев

Абдыкадыровдун ордуна келген 47 жаштагы Айбек Жунушалиевге мэрлик кызмат чоочун эмес. Ал шаарды 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин башкарган. Кийин ал президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул кызматты аркалап келаткан.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү кадр алмаштырууларды сындап, жаңы мэрге сунуштарды айтты:

“Тилекке каршы, бизде кадр саясаты системдүү жүрбөй жатат. Бир эле мисал, билим берүү министри сегиз жолу алмашты. Бул акылга сыйбаган нерсе. Президент кадр саясатын жолго салышы керек. Ал эми Айбек мырзанын мэр болуп келгенин колдойм. Негизги чече турган нерсе - инфраструктуралык маселелер. Аны чечүү үчүн Бишкек шаары чогулткан акчанын жок дегенде 25-30% өзүндө калтырышы керек. Жалгыз борбор шаардын тротуарлары, коомдук транспорт жана бала бакча сыяктуу башка маселелер толтура”, - деди Аскарбеков.

26-сентябрда Айбек Жунушалиев Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары маалыматтарды берип чыккан. 25-сентябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары инвесторлордон опузалап каражат талап кылган деген шек менен кармалган адамдардын иши боюнча Жунушалиев ИИМде күбө катары сурак бергенин жазышкан. Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Айбек Жунушалиев суракка алынбаганын, күбө катары маалыматтарды бергенин билдирген.

Жунушалиев 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында төрөлгөн. Улуттук университеттен юриспруденция боюнча билим алган. 2010-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болгон. Кийинчерээк өкмөттө иштеп, 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Соңку жылдары Бишкекти башкаргандардын көпчүлүгү кызматта турганда же кеткенден кийин кылмыш иши козголуп, камалып чыккандары дагы бар. Айрым саясатчылар өлкөдө мэрлерди эл өзү шайлашы керек деген демилгени улам көтөрүп жүрөт.

Президенттин басма сөз катчысы дагы алмашты

31-октябрь күнү президенттин басма сөз катчысы дагы алмашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Анын ордуна буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүндө иштеп келген 39 жаштагы Аскат Алагөзов келди. Ал кесиби боюнча журналист. Ага чейин "Пирамида" медиахолдингин жетектеген.

Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматынан бошотулду. Муну менен катар ал КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүл, Латвия жана Эстониядагы элчи кызматтарын айкалыштырган кызматынан алынды.

Мындай кадр алмаштыруунун себеби айтылган жок.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Москве приостановили продажу ряда продуктов из-за подозрения на ботулизм

Рядом с пляжами находится 50 новостроек Москвы

Крепкий алкоголь подорожает в России

Ефимов: Инвестор возведет деловой центр в Тимирязевском районе Москвы

Музыкальные новости

Анна Asti и Дима Билан стали лучшими исполнителями по версии премии МУЗ-ТВ

Тулячка завоевала сразу два призовых места на Всероссийской Специальной Олимпиаде

В Москве тушат пожар в здании у метро «Динамо»

Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.

Новости России

У Музея Победы на Поклонной горе прошла церемония выпуска лейтенантов МО РФ

Умер режиссер Камерной сцены Большого театра Игорь Меркулов

Выбросы углекислого газа в Москве сократились на 130 тысяч тонн благодаря электробусам

Подмосковный самбист Степан Солдатенков стал победителем игр БРИКС

Экология в России и мире

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Азербайджан назначил столицей тюркского мира талышский город Ленкорань. Талышские организации мира бьют тревогу

Магазин "Стильпарк" в новой концепции открылся в Москве

Совместное заявление участников круглого стола, приуроченного ко «Дню защиты прав безвинно осужденных»

Спорт в России и мире

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина

Рублёв пропустит Олимпийские игры в Париже

Дядя Надаля назвал причину поражения Зверева в финале «Ролан Гаррос»

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

Moscow.media

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech

Закат на Катуни







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *