Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт
![Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-215f-08db5aa55f5b_cx0_cy19_cw0_w800_h450.jpg)
8-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5,, күндүз 4...9.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 8…10 градус болот.