Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абактагы Мадумаровдун каты. Ак үйдөгү Байсаловдун жообу

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өлкөдөгү соңку камоолорду 1938-жылдагы репрессияга салыштырып, эркин оюн айткан адамдар "эл душманы",  "чыккынчы" атка конгонун билдирди. Анын интернетке жарыяланган катына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп кайтарып, мурунку учур менен азыркыны салыштырууну жаңылыштык деп сыпаттады. Саясатчы менен бийлик өкүлүнүн пикирине коомчулук ар кандай баа берип жатат.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун катын анын тарапташтары 3-ноябрда социалдык тармактарга жарыялаган.

Анда депутат 1938-жылкы репрессиянын курмандыктарын эскерген. Абактагы саясатчы 85 жыл мурдагы каргашалуу тарыхтын барактары бүгүн да кайталанып жатканын билдирген.

"Бүгүн да элим аман, жерим бүтүн деген эр азаматтар "эл душманы", "чыккынчы", "эл бузар" деген ушунчалык тааныш аттарга ээ болуп отурат. Бүгүн да өз оюңду айтып, өлкөнүн келечеги жөнүндө пикир билдирип, жөн эле адам катары сүйлөп койсоң, сен "эл душманы" же "чыккынчысың". Натыйжада кайран кыргыз ой жүгүртүп, келечекти көрө билген, бир аз эрктүү жигит кыздарыңдан кол жууп, дагы канчалаган жылдар жалдырама, пикирсиз, эрксиз, жетелеме эл бойдон калар экенбиз".

Мадумаровдун катына 7-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды. Ал саясатчынын пикирин четке кагып, мындай салыштырууну жаңылыштык деп атады.

"Адахан Кимсанбаевич, сиз 1937-жылды айтып жатасыз. Азыркы эл менен ошол кездеги элди салыштырганыңыз абдан оор сөз. Ошондуктан мен унчукпай кое албайм. Анткени азыр кыргыз эли эркин, эгемен! Эл толугу менен ишеним көргөзүп шайлаган бийлиги бар. Андыктан Советтер Союзу, тоталитардык режим менен салыштыруу одоно ката. Өзүңүздү Касым, Жусуп, Абдыкеримдерге теңегениңиз да ашыкча болуп жатат. Адахан Кимсанбаевич, сиз барсыз, сиз болосуз, бирок ушул жерде жаңылганыңыз да тарыхта калды".

Мадумаровдун пикири коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштады. Саясат талдоочу Эмил Жороев саясий айдыңдагы соңку окуяларга токтолуп, коомчулуктун эркин ой-пикир билдирүү укугу ачык эле чектелип жатканын билдирди.

“Акыркы кезде ошондой бир топ камоолор болуп, саясий беренелер пайда болуп калды. Ыйгарым укуктарынан аша чапкандык же кыянаттык менен пайдалануу, эң орчундуусу мамлекеттик чыккынчылык, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы иштөө деген беренелер. Маселе конкреттүү бир беренеде эмес, маселе саясий жүйө менен оппозиция болгондорду, бийлик башында тургандарга сын айткандарды, же туура эмес иш болуп жатканын чагылдырган уюмдарга же жарандарга каршы иш-аракеттер болуп жаткандыгы байкалууда. Бул менимче, Советтер Союзунун баштапкы жылдарында болгон иш-аракеттерден кабар берип турат”.

Саясатчынын сыны жана ага карата бийлик өкүлүнүн жообу өлкөдө ата-бабаларды эскерүү жана басма сөз күнү белгиленип жаткан маалда жарыяланды.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев кыргыз коому репрессия маалындагы окуялардын кайталануусуна жол бербей, андан сабак алуу жагына басым жасашы керектигин айтат.

“38-жылдарды кайталанбасын деп Ата-Бейитке коюп койдук. Биз ошондон сабак алышыбыз керек. Бул сабак кандай жыйынтык чыгарыш керек. Бийлик адилеттүү болуш керек деген бир эле принцип бар башкарууда. Кайсы дин же саясатты албагыла, адилетсиз болсун деген жери жок. Бирок адилеттүү болуп атабыз деп ойлой берет алар. Анан биз айткан сот эркиндиги, маалымат каражаттарынын эркиндиги болбосо адилеттүүлүк орнобойт. Бул эки окшош учур болбогону менен Мадумаровдун репрессия болуп атат дегени эркиндик, жалпыга маалымдоо каражаттары чектелип, сот эркиндиги жок болгондугу жагынан окшоштук бар”.

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камакка алынды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду.

Муну оппозиция бийликтин кысымы катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет.

Адахан Мадумаровго кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талаш жаратып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Подведены предварительные итоги международной встречи воздухоплавателей в Великих Луках

Уникальные советские корабли-гиганты, чью дальнейшую судьбу перечеркнул распад страны

Девочка утонула во время купания в пруду в Солнцеве

К московскому проекту «Открой#Моспром» присоединилось около миллиона человек

Музыкальные новости

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности

МО Финляндии: страна направит РФ ноту о подозрении в нарушении воздушных границ

РБК: в Москве из-за случаев ботулизма приостановили продажу некоторых продуктов

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и ДЕНЬ РОССИИ: успех России в С В О = мир во всём мире?!

Новости России

В аэропорту Орска на 12 часов задерживается рейс в Москву

Подведены предварительные итоги международной встречи воздухоплавателей в Великих Луках

Конфликт со всеми предками: почему не нужно пытаться изменить партнера

Глава Коми указал на недоработку властей Сыктывкара

Экология в России и мире

Курорт «Горячинск» поддерживает «Балет на Байкале. Бурятия»

Звуковые щетки для детей RL 035 Kids Pink от Revyline в онлайн-магазине Ирригатор.ру в Екатеринбурге

Новые портативные ирригаторы Revyline RL 630 Green скоро поступят в представительство марки в Махачкале

В Москве пройдет выставка Евгении Васильевой «Между пороком и добродетелью»

Спорт в России и мире

Самсонова вышла в четвертьфинал турнира WTA в Хертогенбосе

«Наконец-то всё началось». Борис Беккер побывал на матче открытия Евро-2024

Хачанов вылетел с турнира ATP в Хертогенбосхе после первого же матча

«ITF решила пойти по пути WTA и ATP, которые давно допускают россиян» — Янчук

Moscow.media

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Этот российский регион снова стал лидером по количеству случаев по ОСАГО

Завершается устройство земляного полотна на дороге с мостом через Обь в районе Сургута

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *