Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз-тажик чек арасы: 70тен ашык чакырым такталды

Кыргыз-тажик чек арасы: 70тен ашык чакырым такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 18 чакырымдайы такталганы кабарланды. Ага чейин 13 жана 43 чакырым такталганы айтылган.

Жолугушуулардын жыйынтыгы

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 1-8-ноябрда Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында өттү.

Кыргыз тарап тараткан расмий маалыматка караганда, топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтор кезигип, мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашылганы кабарланды.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев соңку жолугушуудагы тактоо Лейлек районунун аймагына тиешелүү экенин “Азаттыкка” ырастады.

“17 чакырым боюнча макулдашылды. Лейлек районунун аймагы боюнча. Бирок, кайсы жерлер экени азырынча так айтылбайт. Эми буюрса Баткенде жолугабыз”, - деди өкмөттүн өкүлү.

Бөрүбаев чек аранын калган тилкелерин такташуу улантыларын кошумчалады.

Канча чакырым такталып, канчасы калды?

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ошондо жалпы 972 чакырымдын 664ү боюнча бир пикир табылса, 300 чакырымдай тактала элек аймак калган десе болот.

Ал эми 2023-жылдын соңку айлардагы үч жолку жолугушуудан кийин берилген маалыматтарга таянсак, жалпы 75 чакырымдай такталды. Башкача айтканда тараптардын 12-18-октябрдагы жолугушуусунда 13,98 чакырым, 3-8-октябрдагы кездешүүсүндө 43,33 чакырым, 1-8-ноябрда 17,98 чакырым боюнча макулдашылганы белгилүү болду.

"Такташуу боюнча жылыш бар"

Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада 17,66 чакырым тилкени аныктоо боюнча макулдашып, чек ара боюнча муз ордунан жылгандай болгон. Азырынча Тажикстан жана Кыргызстан дагы такталган тилкелер кайсы аймактарга тиешелүү экенин ачыктай элек.

Соңку жолугушуудагы такташуу Лейлек районуна тиешелүү экенин белгилүү болду. Лейлектин Кулунду айылдык кеңешенин төрагасынын орун басары Абдыжапар Досов буларга токтолду.

“Максат менен Интернационал, Арка, Жаңы-Жер айыл өкмөтүн кесип өтүүчү көпүрө бар. Ошол негизги көйгөй болгон жер. Баткен районундагы татаал жер - Төрт-Көчөдөгү 275 метр. “Бизге эч кандай маалымат берилбейт, делимитация жана демаркация ишине кийлигишпейбиз, кийин ачыкка чыкканда билесиздер” деп элге түшүндүрүп жатабыз”, - деди жергиликтүү кеңештин депутаты.

Чынында жергиликтүү эл кайсы аймактар такталып, чек ара чечилип жатканы боюнча кабарларга кулак түрүп турушат.

Бийлик чек араны эртелеп чечкиси келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бишкектеги жыйындардын биринде чек ара маселесине учкай токтолуп, Тажикстан менен жаңы жылга чейин делимитациялоо иштерин бүтүрүүгө аракет болуп жатканын билдирген.

"Биз чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык делимитациялык процесстер аяктады. Эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди Жапаров.

Мамлекеттик телеканалдарда дагы кыргыз-тажик чек арасын тактоодо жылыш бар экени жөнүндө репортаждар даярдалды. Октябрь айынын башында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегациялары Баткен шаарында жолугуп, жаңы протоколго кол коюшкан. Анда эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов биргелешкен билдирүү жасап, бул документ чек арадагы талаштарды чечүүгө өбөлгө болору айтылган. Бирок, протоколдун мазмуну айтылган эмес.

Айрым серепчилер эки өлкөнүн соңку аракеттерин чек араны тактоодо “муз ордунан жылды” деп баа беришет. Тактала турган эң татаал аймактар калганы белгилүү.

Чек ара боюнча жергиликтүү эксперт Хаитали Айкынов чек араны тактоого катышкан айрым өкүлдөрдөн алган маалыматтары менен бөлүштү.

“Албетте, дагы эле талаштуу жерлер бар. Бирок, акыркы октябрь-ноябрдагы жолугушууда 50 чакырымдай чечилип калганын жылыш бар деп айтсак болот. Жетекчилер “болду, чечкиле” деген менен сүйлөшүүлөр кыйынчылык туудурууда. Комиссияда иштегендерден анча-мынча алган маалыматтарым ушул. Ал эми жергиликтүү эл чек ара чечилсе экен деп үмүт кылып турушат”, - деди эксперт.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар болуп келген. Акыркы жолу эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышка дуушар болду. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган. Анда эки тараптан тең карапайым тургундар жана чек арачылар каза болгон.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Фестиваль «Город танцует в парках» прошел в Ногинске

В подмосковном Обкоме состоялось очередное совещание первых секретарей городских организаций МК ЛКСМ РФ

Ядерный блеф «старого ковбоя» и шулера - Джо Байдена

«Первый Бит» доработал логистические процессы производителя пищевой упаковки «Пище-Поли-Пласт»

Музыкальные новости

Юлия Пересильд, московский Театр на Таганке, ММОМА – участники 3-его фестиваля «Территория. Красноярск» раскрывают грани современного искусства

В Санкт-Петербурге прошел Кубок ПМЭФ по конкуру

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

США и Европа "подготавливают" Россию и Ближний Восток для переселений?!

Новости России

Взято место: «Непослушники» возглавили российский прокат

Областной проект «Умные каникулы» начался в Химках

Ядерный блеф «старого ковбоя» и шулера - Джо Байдена

Сегодня в Магаданской области пройдет последний ЕГЭ основного периода по биологии, истории и английскому языку

Экология в России и мире

Производители кроссовок New Balance и Under Armour подали около 1000 исков к российским продавцам

Proenza Schouler, коллекция pre-fall 2024

LISA FM Александр Белоносов выпустил альбом «Родина Сердца: Дневник Психолога»

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Мирра Андреева может стать новой Марией Шараповой

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Касаткина опустилась в рейтинге WTA, Андреева впервые вошла в топ-25

Испанец Алькарас выиграл у Зверева и стал победителем Roland Garros

Moscow.media

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи

Планируем зимний отпуск: мы знаем цену авиаперелета в Дубай на Новый год







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *