Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газа: ооруканага жашынган эл, жааган ок

Газа: ооруканага жашынган эл, жааган ок

Израил ХАМАСтын согушкерлерин жок кылмайынча согуш уланарын, Газа тилкесин ээлеп алуу ниети жоктугун билдирди. Эл аралык коомчулук анклавды палестиндер башкарышы керек деген позицияны кубаттайт. Бир айдан ашуун жүргөн кармашта эки тарапты кошкондо 12 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Газа тилкесиндеги "Аш-Шифа" ооруканасында дарыгерлер "апалап" ыйлаган наристенин чекесиндеги жараатын оорусун баса турган дары бербей эле тазалап жатат. Анклавда согуш башталгандан бери догдурларда күнү-түнү тыным жок, дары-дармек тартыш.

"Ар кандай жарадарлар келет. Алардын канын токтотуп, жараатын тазалап, тигебиз. Көпчүлүк учурда наркоз берилбегендиктен бейтаптар жан чыдагыс ооруну сезет", - дейт дарыгер Абу Эмад Хассанейн.

Толук курчоодо калган аймактагы төрт чоң оорукананын айланасында катуу кармаш жүрүп жатканын эл аралык агенттиктер жума күнү кабарлады. Согуш башталганы ооруканалардын ичинде, тегерегинде миңдеген киши баш калкалап турат.

Жума күнү "Аш-Шифа" ооруканасынын короосунда жарылуу болду, анын кесепети тууралуу маалымат айтыла элек.

Мурдагы күнү ЦАХАЛ оорукананын жанындагы ХАМАС радикал тобунун аскер базасына чабуул коюп, 50дөн ашуун жоочуну жок кылганы кабарлаган.

Жөөт армиясы хамасчылар аскердик жетекчилиги жана таяныч борборлору жайгашкан туннелдерди ооруканалардын алдына куруп, карапайым элди калкан кылып жатканын жарыялады.

Анклавдын саламаттык сактоо мекемеси белгилегендей, 21 оорукана керектен чыгып, 47 бейтапкана иштебей калды.

Кызыл чырым уюму анклавдагы ооруканаларды куралдуу кармаштардан коргоону талап кылды. Уюм белгилегендей, эл аралык гуманитардык укук боюнча ооруканалар өзгөчө корголгон жайлар деп саналат.

"Киши толгон, өп-чап дары-дармек менен кооптуу шартта иштеп жаткан Газанын саламаттык сактоо системасы кыйроо алдында турат. Миңдеген жарадарлардын, бейтаптардын, баш калкалап тургандардын өмүрү кыл учунда", - деп айтылат уюмдун Женевадагы баш кеңсеси тараткан билдирүүсүндө.

Америкалык "Дарыгерлер адам укугу үчүн" уюму жөөт армиясын эл аралык укукту сыйлап, Газадагы ооруканалардын алдында согушкерлер жашынып жатса дагы сокку урбоого чакырды.

"Ким болбосун ооруканаларды согуштук максатта колдонуу - эл аралык укукту бузуу", - деп сыпаттаган уюм ооруканалардагы бейтаптарды эвакуациялоо мүмкүн эмес экенин эскертти.

Израил армиясынын өкүлү жума күнү Газанын түндүгүнөн 100 миңден ашуун палестин анклавдын түштүк тарабына чыгып кеткенин билдирди.

Ага чейин Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги соңку алты күндө 70 миң тургун жөө-жалаңдап, күндөп-түндөп тынчыраак делген түштүк райондорго аргасыздан качканын маалымдаган.

Израил бийлиги элге коопсуз жерлерге кетүүгө коридор ачуу үчүн жумадан тарта алты сааттык тыныгуу болорун жарыялаган. АКШ баштаган бир катар өлкөлөр муну туура кадам деп кубаттады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин согуштук аракеттеринен "өтө көп палестин өлтүрүлүп, өтө көптөр азап чеккенин" айтты. Делиде журналисттердин алдында туруп, Вашингтондун башкы дипломаты "карапайым элди коргоонун аракетин күчөтүү" зарылдыгын белгиледи. Вашингтон Тель-Авив менен бул багыттагы иштерди талкуулай турганын кошумчалады.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Би-Би-Си менен маегинде бейкүнөө калктын каны төгүлүп жаткандыктан Газада согушту токтотууга чакырды. Аны менен катар эле Франция ХАМАС экстремисттик тобу жасаган "теракттарды" айыптай турганын белгиледи.

"Иш жүзүндө алар жай тургундарды бомбалап жатат. Балдар, аялдар, карты-картаңдар бомбанын алдында калууда. Андыктан актоого эч кандай мыйзамдык негиз жок. Израилди бомбалоону токтотууга чакырабыз", - деди Макрон.

Согуш башталганы Газанын калкынын жарымынан көбү, тактап айтканда 1,5 миллиондон ашуун киши түштүк тарапта баш калкалап отурат.

Ошол эле учурда Улуттар Уюмунун эсебинде жүз миңдеген киши Израил армиясы соккусун күчөтүп жаткан түндүк райондордо калды.

ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо мекемеси бир айдан ашуун согушта 11 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн, алардын 4,5 миңи балдар экенин жума күнү кабарлады.

Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жөөт армиясы ХАМАС эксремисттик тобунун жоочуларын толук жеңмейинче Газада согушту уланта берерин, бирок анклавды ээлеп алуу ниети жоктугун айтты.

"Биздин Газаны башкаруу ниетибиз жок, аны оккупациялап алууну көздөбөйбүз. Жакынкы Чыгышта келечекте Газанын, биздин жашообуз жаркын болсо экен", - деди премьер Нетаньяху чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган. Израилдин армиясы Газага сокку урууну жана жердеги операциясын улантууда.

Бейшембиде "Ислам жихады" экстремисттик тобу барымтада отурган 70теги байбиче менен 13төгү өспүрүмдүн видеосун таратты. ЦАХАЛ муну "психологиялык терроризм" деп сыпаттады. Буга чейин төрт туткун жоочулардын колунан бошотулган. Израилдин ичинде жана дүйнөнүн ар кайсы тарабында туткундарды бошотууну талап кылган акциялар өтүп жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Советский волшебник, подаривший нам Изумрудный город

Реализованные в Нижегородской области проекты завоевали награды международного конкурса «Путешествуй больше!»

Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?

К московскому проекту «Открой#Моспром» присоединилось около миллиона человек

Музыкальные новости

Рост объема ипотечного кредитования Волго-Вятского банка Сбербанка в апреле 2024 года составил 27 %

«Магнит» планирует строительство нового склада в Ленобласти

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

LG HVAC ACADEMY: ГОТОВИМ ПРОФЕССИОНАЛОВ ДЛЯ РАСТУЩЕЙ ОТРАСЛИ

Новости России

Выбросы углекислого газа в Москве сократились на 130 тысяч тонн благодаря электробусам

5 мест, где можно вкусно позавтракать в Москве

Продвижение сайтов в Москве: Эффективные стратегии для столичного рынка

Советский волшебник, подаривший нам Изумрудный город

Экология в России и мире

Proenza Schouler Pre-Fall 2024

Dior Resort 2025

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России

Сэкономить и оторваться с Angsana Velavaru

Спорт в России и мире

Рафаэль Надаль пропустит Уимблдон ради подготовки к Олимпиаде

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже

«Ну и где здесь «группа смерти?» ATP показала, каким был бы Евро-2024 с теннисистами

«Наконец-то всё началось». Борис Беккер побывал на матче открытия Евро-2024

Moscow.media

ТСД промышленного класса Saotron RT-Т510

ТСД промышленного класса Saotron RT-Т510

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *