Газа: "Ал-Шифа" ооруканасында абал оор
![Газа:](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-79a8-08dbe44d139c_tv_w800_h450.jpg)
Израил медициналык комплекстин ичине жана астына командалык пунктту жашырган деп АКШ менен Европада террордук уюм таанылган ХАМАСты айыптаган. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан. Эл аралык уюмдар Аш-Шифа менен жекшембиде байланыш таптакыр үзүлүп, бир күндөн кийин жанданганын билдирди. Бир айдан ашуун согуш жүрүп жаткан жердеги кырдаалга Гүлайым Ашакеева токтолот.