Айтматов жана кыргыз киносунун жаңы доору
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Бишкек эл аралык кино фестивалынын ачылыш аземи өттү. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааркесине арналган бул иш-чарага ондогон өлкөлөрдүн кино ишмерлери катышты. 21-ноябрга чейин улана турган фестивалда улуттук жана эл аралык категорияларда тасмалардын сынагы өтөт. Анын байге фонду 3 миллион сом.