Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Назарбаевдин "экинчи аялы" деген Гүлнара Ракишева ким?

Назарбаевдин

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий өмүр баянында жубайы Сара Назарбаева экөө үч кызды тарбиялап өстүрүшкөнү айтылат. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Назарбаев дагы эки аял менен мамиледе болгон же азыр да ымаласы бар.

Гүлнара Ракишеваны Назарбаевдин “экинчи аялы”, ал эми Асел Курманбаеваны “үчүнчү аялы” деп жүрүшөт. Тараптар мындай маалыматты тастыкташкан да, төгүндөгөн да жок.

Асел Курманбаева тууралуу көптөгөн маалыматтар, алтургай бир нече иликтөөлөр да болгон, бирок Гүлнара Ракишева тууралуу маалымат аз.

“Азаттык” экс-президенттин “экинчи аялы” тууралуу жеткиликтүү маалыматтарды топтоду. Бир кездеги катардагы стюардесса миллиарддаган долларлык бизнести түзүүгө жетишкени анык болду.

ОРУСИЯДА ТУУЛГАН, ВЕНГРИЯДА ОКУГАН

Эгер Google системасына Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин биринчи жубайы Сара Назарбаева менен үчүнчү жубайы Асел Курманбаеванын аты-жөнүн жазсаңыз, натыйжасы көпкө күттүрбөйт. Бирок экс-президенттин экинчи аялы аталган Гүлнара Ракишева тууралуу жетиштүү маалымат жок.

Гүлнара Ракишева тууралуу биринчи жолу Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, маркум Рахат Алиев бийликтен кеткенде “Өкүл ата” аттуу китебинде жазган. Ракишева жөнүндө айткандар ушул эле маалыматтарга таянышат. Китепте Алиев "стюардесса менен мамлекет башчысынын мамилеси 1996-жылы өзгөчө жакын болгон" деп жазат. Анда Гүлнара 26 жашта болчу.

«Арийне, Гүлнара эми стюардессанын милдетин аткарбай, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын вице-президенти болуп калды. Анын атасынын кызматы да өзгөрдү. Ал чарбага жооптуу болуп, Семей аскер гарнизонунда кызмат өтөп жүрчү. Тагдырдын фортунасы улгайган полковникти күтүлбөгөн жерден коргоо министринин орукту камсыздоо боюнча орун басары кызматына чейин көтөрүп таштады», – деп жазылган «Өкүл ата» деген китепте.

Рахат Алиевдин китебинде Гүлнара Ракишева эки кыз төрөп, 2004-жылдан бери Испанияда жашап жатканы да жазылган. Бирок социалдык түйүндөгү баракчасындагы маалыматтарга караганда, Ракишева азыр Алматыда же Астанада жашайт.

Гүлнара Ракишева аттуу колдонуучунун маалыматтары Ораз Ракишевдин айрым маалыматтарына дал келет.

Гүлнара Ракишева аттуу колдонуучу 2013-жылдан бери орусиялык «Одноклассники» социалдык түйүнүндө ушундай эле жеке маалыматтары менен төрт жолу катталган. Алгачкы эки баракта туулган жылын, жашаган жерин, окуган мектебин көрсөтүп, аскердик бөлүктө кызмат өтөгөндүгүн белгилеген. Аскердик бөлүктө кызмат өтөө тууралуу маалымат Ракишеванын атасы кызмат өтөгөн бөлүктүн маалыматтарына дал келет.

Экс-президенттин “экинчи аялы” тууралуу кошумча маалыматты анын атына катталган үчүнчү аккаунттун баракчасынан таба алдык. Биз бул маалыматтарды Ораз Ракишевдин, тактап айтканда, 2000-жылы Коргоо министринин орун басары болуп иштеген анын атасынын расмий өмүр баяны менен салыштырып көрдүк.

Маселен, Гүлнара Ракишева 1970-жылы 2-мартта Москвага жакын Тула шаарында төрөлгөнү көрсөтүлгөн. Ал кезде Ораз Ракишев Орусиянын бир катар шаарларында аскер кызматын өтөп жүргөн.

Маалыматта Гүлнара 1981–1986-жылдары Венгриянын Мор шаарындагы куралдуу күчтөрдүн Түштүк тобунун №70 мектебинде окуганы да айтылат. Бул өлкө – анын атасы Ораз Ракишев көп убакыт кызмат кылган мамлекеттердин бири. Белгилей кетсек, СССРдин Чыгыш Европадагы аскердик контингентинин бир бөлүгү дал ушул өлкөдө жайгашкан болчу.

“Одноклассники” социалдык түйүнүндөгү “Гүлнара Ракишева” аккаунтуна катталган номурларды башка бирөөлөр “Гүлнара Ракишева”, “Гүлнара Оразовна” деп сакташкан.

СТЮАРДЕССАДАН ИШКЕР АЙЫМГА

Гүлнара Оразовна Ракишева Алматы шаарындагы Төлө бий көчөсү 40 дареги боюнча катталган«Фирма Шарм» компаниясынын ээси болуп эсептелет. Компаниянын жетекчиси катары өзү көрсөтүлгөн. 1998-жылы түптөлгөн компания кыймылсыз мүлктү ижарага берүү жана чач тарач кызматтарын көрсөтүү менен алектенет. Statsnet базасынын маалыматтарына ылайык, «Фирма Шармдын» жылдык жүгүртүүсү 100 миллион теңгеге жакын.

Гүлнара Ракишева – дагы бир жолдуу компания Sergio Group ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Компаниянын жылдык кирешеси төрт-алты миллиард теңгени түзөт. Statsnetтин маалыматы боюнча, быйыл компаниянын жылдык каржы жүгүртүүсү 12 миллиард теңгеден ашты. Ишкананын борбордогу филиалынын кирешеси да бир кыйла.

Sergio Group – Алматы жана Астана шаарларындагы чет элдик бренддердин эмеректерин жана идиш-аяктарын сатуучу дүкөн. Компанияны мурда президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунда иштеген Сергей Рыжаков негиздеген. 2010-жылы Гүлнара Ракишева анын экинчи негиздөөчүсү болуп калды.

Экс-президенттин “экинчи аялы” “Мой сервис” компаниясынын да негиздөөчүсү болуп саналат. Бирок бул компания акыркы жылдары такыр салык төлөгөн эмес.

Мындан тышкары, Ракишева «Барыс» кайрымдуулук фондунун кожоюну. Фонд өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жарыялабайт. Башында фонддун негиздөөчүсү Руслан Радмирович Ракишев болгон. Аты-жөнүнө караганда, бул Гүлнаранын бир тууганы Радмир Ракишевдин уулу.

Дагы бир факт: 2010-жылы Гүлнара Ракишева «Бухтармин цемент компаниясы» акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

СЫР ЖАНА ООЗ АЧПОО

“Азаттык” радиосу алган маалымат базаларынын биринде Алматыдагы “Казакстан” мейманканасынын жанындагы үй Гүлнара Ракишеванын жашаган дареги катары көрсөтүлгөн. Кесиптешибиз аталган батирдин коңгуроосун басканда эч ким ачкан жок. Бирок ал кошуна батирде жашаган улгайган адамды кепке тартты. Ал Динмухамед Кунаевдин тушунда курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп иштегенин маалымдады. Анын айтымында, батирде ижарачылар жашайт. Ал киши батир Гүлнара Ракишевага таандык экенин жарым-жартылай тастыктады.

"Азаттык" Гүлнара Ракишева аттуу аялдын эки казакстандык жана бир орусиялык телефон номурун тапты. Бул номурларга чалууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Социалдык тармактагы аккаунттун ээсине да кат жазып, бир нече суроолорду узаттык. Каттар окулду, бирок жооп берилбеди.

Гүлнара Ракишеванын иниси Радмир Ракишев – коргоо тармагы боюнча адис. Анын акыркы иштеген кызматы – Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин аскердик кафедрасынын башчысы. Ал эжеси менен экс-президенттин мамилеси тууралуу окуяны "Алиев менен Храпунов ойлоп тапкан калп" деп атады. 

"Мындай маалыматты кайдан аласыңар?! Болбогон ушак", – деди ал.

Радмир Ракишев эжеси тууралуу мындай маалыматты "Алиев менен Храпуновдон сурагыла" деди. 

Маркум Рахат Алиев өзүнүн “Өкүл ата” китебинде “экинчи аял” жөнүндө жазса, Казакстанда сыртынан соттолгон Виктор Храпунов “1612” каналына берген маегинде Ракишева тууралуу айтып берген. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары Гүлнара Ракишева жана анын балдары жөнүндө жазганда «Сара Алпысовна абдан кайгырды» дейт. 

Материалдын башында Ракишеванын «Эйр Астананын» вице-президенти болгону тууралуу «Өкүл ата» китебинен үзүндү келтирген элек.

Авиакомпания “Азаттыктын” расмий кайрылуусуна жооп берип, Ракишеванын 2005-жылга чейин вице-президенттик кызматты ээлегенин ырастады.

Ошентип, кыска убакыттын ичинде «Бүркүт» мамлекеттик авиакомпаниясынын стюардессасы өлкөдөгү эң ири «Эйр Астана» компаниясынын жетекчилигине чейин жетип, кийин жолдуу ишкер айымга айланган. Белгилей кетсек, Алиевдин китебинен жана Храпуновдун маегинен башка Назарбаев менен Ракишеванын мамилесин тастыктаган эч кандай далил жок.

Документтеринде Назарбаев же Конакай фамилиясын алып жүргөн Нурсултан Назарбаевдин биринчи жана расмий жубайы Сара Алпысовна Назарбаева көптөн бери эл алдына чыга элек.

Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева

Өткөн жылы Назарбаевдин “үчүнчү аялы” Асел Курманбаева (ата тараптан фамилиясы Исабаева) тууралуу бир нече иликтөөлөр жарыяланган. Алардын биринде OCCRP, эл аралык иликтөөчү журналисттер тобу Исабаева Назарбаевдин ишенимдүү жардамчысы болгон Владимир Нинин үй-бүлөсүнө таандык компаниядан 30 миллион доллар алганын аныктаган.

Нурсултан Назарбаев 2019-жылы президенттик ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берип, мамлекеттик телеканалдын журналисти менен бир канча жолу маектешкен. Бирок маегинде ал аялдары же алардан туулган балдары тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Около 20 тысяч подростков трудоустроятся на летнюю работу в Подмосковье

Минздрав: В Нижнем Новгороде 12 человек обратились к врачам с ботулизмом

США уведомили РФ о приостановке действия пунктов налоговой конвенции 1992 года

Карпин назвал сборную, которой симпатизирует на Евро-2024

Музыкальные новости

Сказка Ульгэра «Волшебные башмачки Элли» по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети

Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду

Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге

Более 500 спортсменов поучаствовали в фестивале «Спорт для всех» в Мытищах

Новости России

Врач Шарапова высказалась о заражении ботулизмом домашних продуктов

Минздрав: В Нижнем Новгороде 12 человек обратились к врачам с ботулизмом

Бизнес-омбудсмен Москвы оказывает поддержку НМСП

В Казани зафиксировали шесть случаев подозрения на ботулизм

Экология в России и мире

Местные жители заполнили пляж, пытаясь выгнать оттуда туристов на популярном курорте: отдыхающие напомнили им, откуда они получают зарплату

Зубные щетки Revyline Perfect DUO и зубная паста Organic Detox против кариеса в Назрани

Первый Международный фестиваль «Мир классического романса»

Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?

Спорт в России и мире

«Надо чем-то жертвовать». Арина Соболенко отказалась ехать на Олимпиаду в Париже

Экс-теннисист Ольховский: россияне могут хорошо выступить на Уимблдоне

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Moscow.media

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки

В Коми ввели штрафы за «склонение к абортам»

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *