Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн "алтын фонду" кимдин колунда?
![Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-d522-08dbecdf25da_tv_w800_h450.jpg)
Генетикалык банк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.