Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Соода менен алектенгендерди текшерүүгө жарым жылга мораторий кирди

Соода менен алектенгендерди текшерүүгө жарым жылга мораторий кирди

Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилди. Бул тууралуу 4-декабрда “Азаттыкка” Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Ал мындай чечим Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодегерлеринин Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу комиссиянын жыйынында кабыл алынганын айтты.

“Жарым жыл түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. Эл жаңы системага көнүп, үйрөнгүчө эч кандай айып пул салынбайт. Текшерүү да болбойт. Жогорку жетекчилер бул убакытта жетишпесе, мораторий дагы узартыларын айтып жатат. Бул базарларда жана жалпы эле соода тармагында иштегендерге тиешелүү”.

Исламбек Кыдыргычов андан тышкары 30 миң Көзөмөл-кассалык машинелерди сатып алып, ишкерлерге бекер таратып берүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолугуп, ишкерлер койгон талаптарды ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам, токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек экенин айтты.

Ушул эле күнү Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери да ККМ колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн”, Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери иш таштаган.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Родина наша — Россия

Вице-президент Газпромбанка предложил построить в Барнауле частный город

Посол РФ Степанов: Москва ответит на новые антироссийские санкции Канады

Русские просят больше храмов – Исследование ВЦИОМ

Музыкальные новости

Аксенов жестко выказался

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России

Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!

Новости России

Ботул недоверия // Потребителям отравили впечатление от готовой еды

Вильфанд: температура на 1-2 градуса ниже нормы ожидается в Москве

"Ъ": Почту России оштрафовали на 100 млн рублей за задержки в ремонте отделений

Посол РФ Степанов: Москва ответит на новые антироссийские санкции Канады

Экология в России и мире

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

СЛД «Красноярск» компании «ЛокоТех-Сервис» получило право ремонтировать грузовой электровоз «Ермак» в объеме ТР-2

Gucci, коллекция menswear весна-лето 2025

Работы по ремонту детского сада на улице Строителей в Реутове завершены наполовину

Спорт в России и мире

Лучший теннисист Казахстана узнал позицию в обновленном рейтинге ATP

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине

Экс-теннисист Ольховский: россияне могут хорошо выступить на Уимблдоне

Людмила Самсонова не отдала голландскую траву // Она продолжила серию российских побед на теннисном турнире в Хертогенбосе

Moscow.media

В Екатеринбурге начался второй этап опрессовок

Башенный комплекс "Ний" (Ингушетия)

Страхование грузов: 7 правил безопасной перевозки

«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *