Израил армиясы Газанын Рафах шаарына сокку урду
Жума күнүнө караган түнү Израил армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына сокку урду. Бул аймакка Хан-Юнис шаарындагы аба соккулардан аман калуу аргасын издеген качкындар топтолгон. Учурда алар оор шартта жан багып атканын айтышууда. Газанын түндүгүндө да катуу согуш болуп жатканы кабарланууда.