Улуттар Уюму Газада ок атууну тезинен токтотууга чакырды
Израил армиясы Газага бир суткада абадан 250дөн ашык сокку урганы кабарланды. Тилкеде ооруканалар жарым-жартылай иштеп, гуманитардык жардам өтө аз кирип жатат. Ал тапта БУУнун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атууну тезинен токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.