Тарыхый мекенинде ара жолдо калган оогандар
![Тарыхый мекенинде ара жолдо калган оогандар](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-e8fc-08dbfd849353_tv_w800_h450.jpg)
Соңку айларда жүз миңдеген киши Пакистандан кайра Ооганстанга кайтууга аргасыз болду. Алардын көбүнүн үй-жайы жок. Ансыз да гуманитардык кризиске баткан Ооганстанда алар өлбөстүн күнүн көрүүгө аргасыз. Пакистан бийлиги уруксат кагазы жок жүргөн 1,7 миллиондой чет элдик качкынга жана мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 1-ноябрга чейин убакыт берген.