Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шайлоодон ким жеңди? Депутат болуп ким келди? 11.11.10.

Шайлоо да бүттү. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деп кыргыз бекер айтпаптыр. Мурдагы бийликке...

The post Шайлоодон ким жеңди? Депутат болуп ким келди? 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Шайлоо да бүттү. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деп кыргыз бекер айтпаптыр. Мурдагы бийликке оппозиция болуп, төңкөрүш жасаган партиянын лидерлери тилекке каршы, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир муштумга бириге алышпады. Кандай гана өкүнүчтүү… Ошолордун баары кыйналган, каржалган эл үчүн чындап күйүшсө, өз амбицияларын жыйыштырып, өз кызыкчылыктарын четке түртүп, бир жолго түшүп, бир максатты көздөшсө, эгемендиктеги кыргыз элинин тарыхын жаңы барактан башташмак. Алар антишпеди. Мындай учурда аргасыздан Крыловдун тамсилиндеги бир арабаны үч жакка тарткан аккуу, чаян, чортон балыкты эстейт экенсиң. Эми аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, өткөн иш өттү. Бул үчүн башты ташка койгулаштын кажети жок. Тек гана өз амбициясынын курмандыгы болгон кыргыз саясатчыларынын саясий деңгээлдерине ичибиз ачышат десең. Ушуларга ишенип, ушуларды ээрчиген элди аядык. Добушун акчага, аракка, унга, чайга, бир салым этке саткан кайран эл, кимди депутат кылып шайлаганыңды, алардын анык жүздөрүн эми билээрсиң да, эми көрөөрсүң…

Каныбек Осмоналиев
«Ар-Намыс» партиясынан депутаттык мандатка ээ болду. Кайран киши качантан бери кыргыз бийлигинде айланып жүрөт. Бирок, бир дагы пайдалуу иш кылганын көрө элекпиз. Кесиби боюнча физик акебиздин Акаев мезгилинде Демейде ылдый кулачу таш Каныбек акебиз үчүн жогору кулады го, чиркин! Бир тууган үкасы Жарасулдун жардамы менен «Дастан» университетин ачып, анны иштете албай, банкрот болуп жабылып, университеттин студенттери көрүнгөн окуу-жайга чачырап, иштин көзүн билбеген Осмоналиев үчүн бир далай азаптанышкан. Бүтүндөй министрлик эмес, бир университетти иштете албаган кишини кийин билим берүү министри кылышкан. Иштей албагандыгынын айынан ал жакта да болгону тогуз ай министр болуп олтурган эмеспи. Кийин дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеди. Анда да алгылыктуу иштеген эмес. Бийликтин даамын татып калган акең Куловдун этегине эрмешип жүрүп, кайрадан Жогорку Кеңешке келди. Ушуга чейин иштеген ишинен жыйынтык чыгарбаган депутаттардан кандай жакшылыкты күтсөк болот? Ойду омкороор, тоону томкороор мезгилинде куурай башын сындырбаган, эми жаш курагы эр ортонунан өтүп калганда кыйратып жибермек беле. Аттиң өкүнүчтүү. Кыргыз мындай жорукту «эшегине жараша тушагы» деген бир сөз менен эле айтып койгон тура.

Роза Акназарова
Роза айымды атасынын баркы менен жүрөт деп жазып эле келатабыз. Же бир намыстанып койсочу? Же бир атасынча эмгектенсечи? «Республика» партиясынын катарынан депутат болгонуна сүйүнгөн деле жокпуз. Өткөндө Бабанов «сиз көп деле добуш алган жоксуз. Сиздин ордуңузга башка бирөөнү тизмеге киргизем» деп айтса, тырмагы курч айым «ошентип эле көр, эл алдында уятыңды чыгарам» деген экен. Уккан кулакта жазык жок. Кайран Өмүке, «ушу бир аялга теңелбейинчи» деп жигиттигин көрсөтүп, анын депутат болгонуна аргасыз макул болгон имиш. Андыктан Роза Корчубековнаны бир жагынан аядык, бир жагынан татыктуу өкүлгө ордун бошотуп берип койсо деле болмок экен деп калдык. Же колунан бир иш келбегенден кийин анын депутаттык төш белгисин тагынып, аяй кийинип жүргөнү кимге керек? Кыргыз кыйын кезеңде турганда депутаттыкка эл үчүн отко, сууга түшүүгө даяр анча-мынча эркектерге караганда тыңчыкма, калыс, айтканын айткандай аткарган аялдар керек болчу, бирок Акназарованын мурунку бийликтерде кандай иштегенин элдин баары билет. Ал жөнүндө сөз кылсаң том-том китеп жазылчудай. Бирок да, тагдыры экен Жогорку Кеңешке олтуруп калды. Бул ирет дагы ардактуу атакесинин атагына доо кетирбей, таза иштеп, кыргыз коомчулугуна пайда келтирээр деп илгери үмүт кылып, ошентсе да биздин үмүт акталарына ишене туралы. Кантсе да эне эмеспи, башкалар үчүн болбосо дагы өз балдарынын, неберелеринин келечеги үчүн ичкен ашын жерге коюп иштээр.

Каныбек Иманалиев
Тилинен чаң чыккан Каныбек Иманалиев дагы депутаттык мандатты басып жыгылды. Жаштайынан жогорку бийликке аралашкан, бирок ооз толтура айтаарлык бир иш бүтүргөн эмес. Акаев доорунун эркеси болгону менен Бакиев доору Каныбек мырзага далысын салганы чын. Бакиев бийликтен кулаары менен башына ак калпагын кийип, адатынча саясий майданга жаркылдап чыга калды. Шкаласы нөлгө түшкөн саясий рейтингин кайрадан көтөрүүгө ыңгайлуу учурду колдон чыгарган жок. Саясат деген саясат экен, далай жерге секиртет экен. Эгерим келишпеген Кулов менен сөзгө келип, ары да, намысы да жок болсо дагы «Ар Намыс» партиясы менен кайрадан эл өкүлү болууга жетишти. Анысына азамат дебеске аргаң жок. Каныбек мырзанын мыкты калемгер экенин жакшы билебиз. Депутат болуп бир маселени чечпей койкоюп жүргөнчө, мыкты чыгармаларын жазса кыргыз коомчулугуна пайдасы көбүрөөк болмок беле?
Өткөндө экинчи төңкөрүштө Ак үйдүн алдында окко учкан адамдардын тууган-туушкандарына жардам берүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башында турду. Ошондо далай акчанын изи табылбай калды деп чырылдап чыгышты эле. Ал окуя эмне менен аяктады экен? Бул боюнча Иманалиев ак же көк деп жооп берген эмес. Анысына мейли дечи. Тек гана кыйналган элге не жылуулугу, не пайдасы жок эрендердин депутат болгонуна таңгалып олтурабыз…

Актан Арым Кубат
Азамат эй! Депутаттык мандаттан дагы чыгармачылыкты туу тутуп, башкаларчылап чыр салбай, Өмүкени коркутуп-үркүтпөй эле ордун бошотуп берди. «Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун» дегендей, саясат менен саясатчылар алпурушуп, биринин жүнүн бири жей беришсин. Сиздин жаралгандан жандүйнөңүзгө жакын чыгармачылык дүйнөсүндө жүргөнүңүздүн өзү эле кыргыз эли үчүн көп пайда алып келет. Буга чейин деле эч кандай саясаты жок эле элге таанылгансыз. Ошол жакшынакай атыңызды сасык саясат чөйрөсүнө аралашып булгап ала жаздадыңыз. Кудай өзү сактады! Сиздей таланттар жерде калбайт. Гезитибиздин өткөн сандарында жазганыбыздай эгемендүүлүктүн тарыхында кино өндүрүшүнө жаңы агым киргизип, өлүп бараткан кыргыз киносун жандандыргандардын алгачкы сабында туруп, далайларды жашыткансыз. Эми да болгон күчүңүздү чыгармачылыкка жумшап, совет доорунда баары суктанышкан «киргизское чудо» наамына татышкан көркөм тасмалардын деңгээлиндеги кино жаратып, кино сүйүүчүлөрдүн көздөрүнө чолок жаш алдырсаңыз сонун болот. Ушул иш колуңуздан келет. Сизге ийгилик каалайбыз. Антсе да калыстыгыңыз, адилеттүүлүгүңүз, ашкере мекенчилдигиңиз менен жакшы депутат болмоксуз. «Ка-ап» деп калдык. Ошентсе да сиздин чечимиңизди колдойбуз.

Садыр Жапаров
Качан болсо калп айтып, күйгүзөсүз да турасыз. Шайлоо бүткөндөн кийин «Динара Исаева партиянын тизмесинен чыкты. Шайлоо өнөктүгүнө 1 млн. 200 миң доллар кошкон, биз акчасын кайтарып бердик. Ал эми депутат болбойт» деп айкырыкты салып чыкпадыңыз беле? Ушунчалык калп айтуунун эмне кереги бар, Садыр мырза! Ал айткандарыңыздын баарын БШК жокко чыгарып, Динара айымга депутаттык мандат тапшырды. Эми ал алсыз аялда не күнөө? Эси жок, дардаңбай күйөөсүнүн күнөөсү үчүн аялы жооп тартылганы тарыхта болгон эмес. Сизге салыштырмалуу Динара айымдын эл алдында абийири таза. Өткөн парламентте ар кандай саясий оюндарга катышкан эмес. Сизге окшоп кичи мекениндегилерди «келген саясатчыларды жумуртка менен ургула» деп үндөгөн эмес, ар кандай нуктагы саясий оюндарды уюштурган эмес. Ошентсе да, анын өзүнүн күйөрмандары бар экен. «Партиялык тизмеден чыкты» дегениңерде Динара айымды тегеректеп, көңүлүн көтөрүп жүрүштү. Эми ток этер жери мындай. «Садыр Жапаровго окшогон калпычыларга караганда Динара Исаеванын депутат болгону жакшы болду. Садырдын карандай калптары, саясий шоулары азыр эл үчүн кереги жок» деп атышат. «Калптын казаны кайнабайт» деген сөздү билесизби? Билбесеңиз үйрөнүп алып, экинчи коомчулукка калп айтып, акчыланып, эл ичине дүрбөлөң салбай жүрүңүз. Динара айым саясатта сизге караганда ак куудай эле аппак боюнча. Сиз болсо мончолосоңуз дагы саясатта өзгөрбөй калдыңыз. «Жакшы деген бир ат бар кууса кеткис, жаман деген бир ат бар жууса кеткис». Деги, аман болуңузчу!!!

The post Шайлоодон ким жеңди? Депутат болуп ким келди? 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Обзор из соцсетей: протекающая крыша в новой поликлинике, мучения от неприятных запахов, некошеная трава

Юрий Андропов: студенческие годы в столице Карелии

Российские школы нашли у себя «учеников-экстремистов» для отправки в лагеря. Их попросил об этом пранкер под видом властей

Сергей Собянин. Главное за день

Музыкальные новости

Муфтий Гайнутдин пожелал Путину помощи Аллаха для побед

Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!

В "Атомайз" рассказали о смарт-контракте как главной составляющей ЦФА

Футбольный фестиваль «ЦСКА — Все сюда!» провели в Одинцове

Новости России

Православные праздники, отмечаемые 19 июня

Жильцы дома в Протвине рассказали о тараканах из квартиры собирателя мусора

Обзор из соцсетей: протекающая крыша в новой поликлинике, мучения от неприятных запахов, некошеная трава

Команда из Мытищ поучаствовала в «Гонке героев»

Экология в России и мире

Местные жители заполнили пляж, пытаясь выгнать оттуда туристов на популярном курорте: отдыхающие напомнили им, откуда они получают зарплату

В МГППУ подготовлен сборник ответов на самые горячие вопросы в сети РУМЦ российских вузов

Сказка театра Ульгэр в Бурятии «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир волшебства - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети:

Три спектакля о любви, которые можно посмотреть этим летом

Спорт в России и мире

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса

Людмила Самсонова не отдала голландскую траву // Она продолжила серию российских побед на теннисном турнире в Хертогенбосе

Скачков и Тайлакова выиграли соревнования по настольному теннису на Играх БРИКС

Россиянка Людмила Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосе

Moscow.media

Кинотеатр GOS-FILM: твой гид в мире фильмов

Триумфальное возвращение Льва Лещенко на сцену спустя месяцы затишья. Артист презентовал дуэт с солистом группы “Парк Горького” Сергеем АРУТЮНОВЫМ

Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta

На одном из перекрестков Северного района Орла не разошлись мотоцикл и микроавтобус







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *