Оп, майда 11.11.10.
Көздөн учкан көк жээк Мандаттар колго тийди Шайлоонун акыркы жыйынтыктары чыгып, Жогорку Кеңештин V-чакырылышы-нын депутаттары...
The post Оп, майда 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.
Көздөн учкан көк жээк
Мандаттар колго тийди
Шайлоонун акыркы жыйынтыктары чыгып, Жогорку Кеңештин V-чакырылышы-нын депутаттары мандаттарын алып, төш белгилерин тагынышты. Мандат тапшыруу аземинде БШК төрагасы А.Сариев сөз сүйлөп, депутаттарга мандат тапшыруу иштери атайылап создуктурулбагандыгын дагы бир жолу баса белгиледи. Ар бир иште мүчүлүштүктөр кетиши мүмкүн экендигин айтып, аны туура түшүнүүгө, ынтымакка чакырды. Депутаттык мандаттары менен куттуктап, аларды эли үчүн адал эмгек кылаарына ишеничин белгиледи.
Депутаттык мандатка «Ата Журт» пар-тиясынан 28, КСДП — 26, «Ар Намыс» — 25, «Республика» — 23, «Ата Мекен» — 18 депутаттар ээ болушту.
Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын биринчи жыйынын аксакал депутат Ташполот Балтабаев ачып, депутаттар бир мүнөт ордуларынан туруп, 7-апрелде курман болгондорду эскерүү менен башташты.
«Биз көп партиялык системада ушул залда отургандар элдин ишенимин актап, эл үчүн кызмат кылабыз жана демократиялык негизде иш алып барганга болгон аракетибизди жумшап, легендарлуу парламент сыяктуу биз дагы тарыхта калышыбыз керек» деди өз сөзүндө.
Биринчи жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева дагы сөз сүйлөп, алгач депутаттарды куттуктоо менен бирге иштерине ийгилик каалап, кыргыз эли үчүн залда отурган депутаттар жемиштүү иштеп берээрине ишенээрин айтты.
Glamour журналы
Роза Отунбаеваны «Жылдын мыкты айымы» деп атады
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеваны кадыр-барктуу Glamour журналы «Жылдын мыкты айымы» деп аташты. Дүйнө жүзү боюнча иликтенген эң мыкты 18 айымдын бири катары тизмеге кирди. Бул тизмеде Аргентина, Либериянын, Коста-Рикинин президенттери, Словакия, Бангладеш, Австралиянын премьер-министрлери жана биздин Роза эжекебиз да бар. Албетте бул сыймык жарата турган иш эмеспи. Баракелде!
Куттук айтабыз
«Аалам» гезитинин жамааты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акунду кош жакшылыгы — уулу Расулдун үйлөнүү тою жана Эрбол уулунун кыздуу болушу менен куттуктайбыз! Уул-келиниңиз ыймандуу, бактылуу жаштардан болушсун. Небереңиз дени-сак, кыргыздын атактуу кыздарынан болуп, аркасынан уул-кыздарды ээрчитип келсин! Акыйкатчы атыңызга иштеген ишиңиз айкашып, эл ичинде жүзүңүз жарык болуп, үйдө бакубат кайната, мээримдүү чоң ата болуп жүрө бериңиз!
Тар жолдо
Кимди ким көрдү
Эң акыркы аптадагы айың кептерге караганда, КСДПнын билермандары шахматтык жүрүштөрдү кыйла тез өзгөрткөндөрү жөнүндө шыбыштар тарады. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов дагы аты жогоруда аталган партияда эмеспи, ал шефи экөө бир чечимге келген окшобойбу? Эмнеси болсо да мэрликти Ө.Бабановго берели да, эки тизгин, бир чылбырды колго алалы дешкен окшоду. Туш тарабынан чыгышып, эптеп «Республиканы» көндүргөн сыягы. Эмки жүрүш «Ата Мекенден» эч майнап чыкпаганга окшогонубу, айтор КСДПнын лөктөрү «Ата Журт» партиясы менен биригем деп жанталашып чуркап жүрү дешет-ов.
Сыйлыгыңар кут болсун!
«Аалам» сыйлыкка маарыды
Куттуу гезитибиз кесиптик майрамда сыйлыктан кур кол калган жок. Кыргыз маалымат майданында 20 жылдык тарыхыбыз бар эмес-пи. Ал жылдардан бери канча окуялар баштан өтпөдү, канча курч, калыс макалалар, маектер жарык көрдү. Канчалар биздин гезит аркылуу өз акыйкаттарын табышты. Биздин гезиттен канча калемгерлер тарбияланып, учуп чыгышты. Ошол эмгектер акталып, коомчулук тарабынан сыйга татып келебиз.
Бу жолу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломуна, Улуттук коопсуздук кызматынын медалына жана Чүй областтык Ички иштер башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Төбөбүз көккө жетип, сүйүнүп турубуз окурман. Эл үчүн эмгек кылуудан чарчабайбыз. Силер колдоп тургула, биз иштеп туралы. Колдо калем жорголой берсин!
Кимден жуккан?
Баягы эле
баскынчылык…
7-ноябрь күнү Ош шаарынын жанында жайгашкан Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын жанына топтолгон жоон топ адамдар ушул айылдардын жашоочуларына тиешелүү жер үлүштөрүн басып алышкан. Жер басып алган адамдар «Биз июнь айындагы коогалаңда жабыркагандарбыз, өкмөт бизге жардам бербегендиктен ушундай кадамдарга барып жатабыз», — деп билдиришти. Миңдеген адамдар келип эгин талааларын тебелеп-тепсеп, түшүмү жыйналбаган кээ бир жерлер жарактан чыккан. Мындай кадамга баргандардын ичинде чынында эле жабыр тартып, үйсүз калган адамдар да бар экендиги талашсыз. Бийлик алмашкан сайын эле борборубуз Бишкекте деле жер басып алуулар катталган. Кыйналып каржалган эл эмне кылаар айласын таппай калдастап, жок дегенде жерге ээ болуп калсам деген ниетте экени эч кимге талашсыз го, бирок артында түрткүлөп турган күч, уюштургучу жок эл өзүнөн өзү эле чогулуп чыга калбасы турган иш. Кантсе да көмүскөдөгү кызыкчылыгы бар эрендин эл артында турганы эч кимге жашыруун эмес.
Ойдо жокто
Добуш кайдан чыкты?
Парламент иш баштаганы баштаган, бирок биз өз тагдырыбызды өзүбүз чече албай калдык окшоду. Себеби, шайлоо алдында биринен бири озуп, чамынып эле Маскөөнү көздөй каттап жаткан саясатчыларыбыз биздин тагдырыбызды небак эле ошол жакка тапшырып келген окшобойбу. Өткөндө Орусия лөктөрү «Куловду премьер кыласыңар, болбосо күйүүчү майдын баасын асмандатып көтөргөнүм көтөргөн, эгер шайлап берсеңер анда азыркы 40 сомдук майды жарым баасына чейин түшүрөм» деген имиш. Имиши чынга окшоп калганы — эртең менен машинеңе куйган майыңдын баасы түштө эле 0,ө5 сомго көтөрүлүп калганы тастыктап жатпайбы. Дегиңкиси күтө туралычы, дагы эмненин ичинен чыгышаар экен…
Бээ көрдүңбү?
Уурунун жолу кууш дечү беле
Талас өрөөнүнүн Үч-Эмчек айылында бир эле түндө 27 баш жылкы бир айгыры менен жоголду. Жоголгондо да түп-орду менен жок. Төрт-беш жыл мурда бодо мал уурулук абдан күч алып, журттун аксакалдары баш болуп жапа тырмак киришип, милиция органдары билек түрүнө иштешип, акыры уурулар коңулга киргендей болгон. Кыргыз журтчулугу митинг, пикет, папке талашмай менен алек болуп жатканда туш-тараптан таламай башталганыбы. Балким коңшу казак элине күн жарыкта эле айдап түшүп кетиштиби, ким билет. Аны сурап, издеп карап койгон бир киши жок. Үч-Эмчектен ары эле казак-кыргыз Чөңөр жолу бар. Азырынча бир шыбыш угулду, Меркеден кыргыз жигиттери мал уурулук менен кармалышты деген. Аны мамлекеттик деңгээлдеги органдар сурап, жообун билип, карапайым элге көңүл буруп койсо деп жогор жактагыларга кулак кагыш кылып жаткандагыбыз. Балким, элине күйгөн эрендерге элдин үнү угулса, жоголгон жылкыларын табууга жардамы тийип калабы деген эле ак тилек.
The post Оп, майда 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.