«КЫРГЫЗСТАН — НАШ ОБЩИЙ ДОМ» ЭМЕС! «Ачык саясат», 17.06.11
ОШ — КЫРГЫЗСТАНДЫН
ЖАҢЫ БОРБОРУНА АЙЛАНСА
Түштүк коогалаңынын чыгыш себептерин иликтеген комиссиялардын тыянактары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Анда айрым мамлекеттик структураларды Ошко көчүрүү сунуштары айтылды. Бул ойду биз өткөн жылы эле (6.07.2010.) козгогонбуз.
Түштүк Кыргызстанда иш жоктугунан, жашоонун оорлугунан эмгекке жарамдуу эл Чүй областына, Россия, Казакстанга иштеп кетип, Баткен, Ош, Жалал-Абад областында тажик, өзбек улутундагы жергиликтүү эмес адамдардын саны жыл санап өсүп, мунун өзү этникалык чатактын чыгышына кооптуу жагдай түзүүнү шарттаган. Мурдагы бийлик ушул проблеманы чечүүнүн ордуна улуттук байлыктарды өз ара бөлүштүрүүдөн башы көтөрүлбөй, акыры бийликтен, Кыргызстандан качууга мажбур болгон. Кыргызстандын экономикасын бардык аймактар боюнча ыңгайлаштырып өнүктүрүү аркылуу түштүк-түндүк миграциясын жөнгө салуу, элди иш менен камсыз кылуу, улуттар ортосундагы чатактарды азайтууга болоор эле.
Бул боюнча Убактылуу Өкмөт алгачкы кадам жасап, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Дирекция түздү. Бирок талкаланган Ошту жөн эле калыбына келтирип койбой, долбоорду архитекторлорго Кыргызстандын жаңы борбору катары чийдирип, имараттарды, турак үйлөрдү ошол багытта куруу керектиги зарыл болуп тургандай. Дирекциянын маалыматына таянсак, түштүктө өзбек-кыргыздардын 1300дөн ашуун турак үйлөрү, соода-сатык жана административдик имараттар жараксыз абалга келиптир. Бул бүлүнүүлөрдү калыбына келтирүү үчүн эл аралык уюмдар тарабынан 72 млн доллар жардам берилиши мүмкүн экен. (Бул такталып бүтө элек маалымат.) Берилчи бул жардамга Кыргызстандын өз казынасынан да каржы бөлүнөөр. Мусулман дүйнөсү, ислам дүйнөсү бар дегендей. Кошуна мамлекеттер да, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн бизге көзү түздөрү бардыр, алардын супарасы куру эместир. Демек Ошту Кыргызстандын экинчи борбору кылып курууга эң сонун шарт, ыңгайлуу жагдай түзүлүп турат. Казактар борборун Астанага которуу менен түндүктөгү казактарды орусташып кетүүдөн сактап калса, биз түштүк кыргыздарды өзбектешип, тажиктешип кетүүдөн сактап калаар элек.
Борборду Ошко которуу Акаев, Бакиев учурунда эле башталып калган иш эле. Демек башталып калган иш тездетилип, биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдар, коргонуу министрлигин, чек ара кызматын көчүрүү аяктаса. Суук түшкөнчө бул эки министрликтин Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргондо, башка чектеш аймактарда казармаларын, көчмө курама үйлөрүн кура салып, турак үйлөрү жок өзбек-кыргыздарды ошол казармаларда кыштан чыгара турса неге болбосун? Кийин ал казармаларда жоокерлер жашап, кайрадан баш көтөргүсү келген улутчулдардын мурдуна муштум такап турганга да жакшы болот.
Экинчи кезекте Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук кызматы көчүрүлсө. Буга чейин жалаң оппозициялык кыймылга күч-кубатын кетирип келген милициянын 9-башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук кызматы эми диний, улутчул экстремисттерди, баңги зат ташуучуларды кармашсын. (Анткени оппозициянын ачык-айрым ишмердүүлүгүнө конституциялык кепилдик берилбедиби.) Демек Өзбекстан, Тажикстан аркылуу салынып, Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан баңги зат ташып өтүү коридору толук болбосо да аздыр-көптүр мамлекеттин көзөмөлүнө алынган болоор эле. Бакиевдердин негизги киреше булактарынын бири дал ушул баңги зат коридору экени, Жаныш Бакиевдин башын калкалап жаткандар да ушул коридордогу наркобарондор деп айтып жатышканы бекеринен эмес ко.
2011-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо аяктагандан кийин жаңы шайланган президент жаңы борбор калаа Ошто ант берсин. Ошентип борборду Ошко которуу менен кыргыз мамлекетинин коопсуз жашашы бир топ ийгиликтүү камсыз болмок.
Бирок борборду Ошко которуу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү азыркы Бишкекке мүнөздүү, анын чет жакаларындагы элүүгө чукулдап калган конуштарга мүнөздүү оорчулуктарды, түйшүктөрдү түштүк борборго оодарып, ал жакта кошумча түйшүк жаратпаш керек. Качанга чейин эле кыргыздар жепирейген жер тамдарды чампалай салып жашаганга умтула бериш керек. Көп кабаттуу үйлөргө жашап, мамлекеттин бир ишин аркалап, үйдүн акысын 5-10 жылда ипотека ыкмасы аркылуу төлөп кутулса болоор да. Болгону бул ишти коррупцияланбаган мамлекеттик система ишке ашыралса…
Борборду түштүккө көчүрүү Түндүк Кыргызстанда түзүлгөн инфраструктурага залалы тийбегидей болушу керек. Жаңы үйдү куруп бүткүчө эски үйдү бузбай жашай туруу керек деген эле кеп.
Машакбай Рахманкулов
The post «КЫРГЫЗСТАН — НАШ ОБЩИЙ ДОМ» ЭМЕС! «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.