Прокуратура Абдылдаевдин абактагы өлүмүн иликтейт
Абакта каза тапкан Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) менен коштошуу зыйнаты 7-январда Бишкектеги өз үйүндө өтүп, сөөгү Сокулуктун Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду. Маркумдун жакындары бийликке кайрылып, анын өлүмүн кылдат териштирүүнү суранышты.