Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга макул болду. Депутат өзү кайда?
9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйынында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деп тапты. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар “Азаттыкка” билдирди.