Газа: "Ата-энем көз ачып жумгуча күлгө айланды"
Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарына карабай, Израил түн ичинде Газа тилкесинин түштүк бөлүгүн кайрадан бомбалады. АКШнын президенти Жо Байден “Газага көбүрөк көңүл бурушубуз керек" деп айтса, Катар ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрү уланып жатканын билдирди.