Кёрлинг: Кыргызстан Олимп оюндарына катышууну көздөйт
![Кёрлинг: Кыргызстан Олимп оюндарына катышууну көздөйт](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-ad07-08dc52543c09_tv_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. 2018-жылдан бери кыргыз атлеттер ар кандай мелдештерге катышып жүрөт. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.