"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү
14 жыл мурда ушул күнү Таласта башталган элдик толкундоо бир күндөн кийин Бишкекте уланып, ошол кездеги бийликтин кулашына алып келген.
Анда президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге ок атылып 90го жакын киши набыт болуп, миңден ашууну жараат алган.