Барактын тургундары Кыргызстанга толук көчүп келди
![Барактын тургундары Кыргызстанга толук көчүп келди](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-24e8-08dc5d3cc94d_cx0_cy6_cw84_w800_h450.jpeg)
Өзбекстан аймагындагы Барак эксклавынын тургундары толук көчүп келди. Кыргыз бийлиги Баракты Өзбекстанга алмашып, ал үчүн 208 гектар жер алганын билдирген. 2013-жылы Өзбекстан эксклавга кеткен жолду бир тараптуу жапкан соң барактыктар 300 чакырымдай аймакты айланып өтүүгө аргасыз болушкан.