Маркетплейс: базардан интернетке көчкөн соодагерлер
![Маркетплейс: базардан интернетке көчкөн соодагерлер](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a1ba-08dc70f77073_tv_w800_h450.jpg)
Былтыр Кыргызстандагы электрондук коммерция рыногунун көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түзгөн. Ири базардан интернетке көчүп жаткандардын арасында “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын ишкерлери бар. Электрондук коммерциянын сырын өздөштүргөндөрдүн арасында кыз-келиндер арбын.